“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Мугалим-жан дуйнонун инженери.

14 Май 2015 жыл 18:02
Көрүүлөрдүн саны: 104

Кутмандуу кунунуздор менен урматтуу айылдаштар! Эфирде Ак кептер. Студияда Акылай Исаева. Бугун сиздерге Кара-Суу орто мектебинин ардагер мугалими Жамгырчиева Шаршенкул тууралуу айтып бермекчибиз. Кененирээк маалыматты эженин оз созунон уксак.

image

Мен Кум Арык айылында колхозчунун уй булосундо туулгам. Филфакты буткондон кийин Ак Башат айылында иштедим. Анан Кара-Суу айылына турмушка чыгып, кыргыз тилинен сабак берип келе жатам. Азыр интеракдивдуу метод менен иштоого аракеттенуудомун. Мугалим-жан дуйнонун инженери деген накыл кеп айтылып келет эмеспи элибизде.

image

Байыркыдан бугункуго чейин мугалимдин коомдогу оорду ар башка онутто, ар башка талап менен бааланып келет.Мен бул кесипти жан дуйномдогу терен ишеним менен адам баласына болгон изгил  суйуум менен тандап алгам. Тил билсен — дил билесин демекчи, кесибим кыргыз тили мугалими болгондуктан, педагог катары мектеп босогосунан окуучуларды кыргыз тилин уйротууго, аны урматтоого, туура  жазууга, макалдаштырып суйлоого уйротууну билим беруунун бирден бир зарылчылыгы деп эсептеймин.

image

Шаршенкул эже бир топ жылдан бери Кара-Суу орто мектебинде эмгектенип келе жатат. Далай далай балдарды окутту, билим берди, тарбиялады. Эжебизге чон-чон ийгиликтерди каалап, аман болунуз демекчибиз.
Даярдаган: Акылай Исаева, 14-май, 2015-жыл. Ак кептер.
Клооптун журналистика мектебине катышуу учун сынакка.