“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Таланттар.

4 Декабрь 2015 жыл 9:19
Көрүүлөрдүн саны: 89

Кутмандуу кунунуздор менен Кара-Суу айылынын тургундары. Эфирде «Аккептер» медиа борбору. Студияда Айдана Кнатова. Бугунку чыгарылышта айылыбыздын таланттуу ырчы , бийчи, комузчу, гитарада ойногон айыл тургундары жонундо айтып бермекчибиз. Кененирээк маалыматты гитарист жигитибиз Тыныстанбек уулу Максаттан алсак:

image

-Мен Кара- Суу айылынын тургуну Тыныстанбек уулу Максат тогузунчу класстан бери гитарада ойноп келем. Бул озумо жакын болуп калды. Мен оз кызыкчылыгым менен ойнойм бул онорумду дагы алдыга оркундоткум келет. Мага эч нерсе тоскоол болгон жок алдымда максатым бар мектепти буткондон кийин бул онорду оркундоткум келет.
-Мен, Кнатова Айдана Мирбековна, Чуй облусунун Жайыл районунун Кара-Суу айылында туулгам.

image

Мен бала чагыман бери ыр менен алектенип келем ырдаганды жакшы кором, окууну буткондон кийин, ырчылыкты  андан ары оркундотом деген оюм бар. Айыл жергесинде жашагандыктан жана Кара-Суу айылы кичине болгондуктан эч ким таанып биле албай, спонсорлор жок. Таланттуу адамдардын таланты ачылбай келе жатат.
Томондо уккандай Айдананын ырчылык кесибин андан ары улантсын демекчибиз. Таланттуу жигитибиз ырчы, бийчи, акын Таштанов Элдостон алсак:
-Аты жонум атай кетсем -Таштанов Элдос Таштанович 1999-жылы 7-ноябрда Чуй облусуна караштуу Жайыл районунда, Кара-Суу айылында туулгам.

image

Кызыкчылыгым бул бий онору ошондой эле акындык тарап жана ырчылык. Бул нерселерди дагы коп ийгиликтерге жетууго аракет кылып жатам, бирок тилекке каршы айыл жергесинде жашап жаткандыктан, борборго баруу биз учун ото эле кыйынчылыкты туудуруп жатат. Он уч жашыман бери алектенип келем ошондой эле акындык тарап жана ырчылык тарапты дагы бий менен бирге алып журом. Он биринчи классты буткон сон борборубузга барып, дагы коп ийгиликтерди жаратып, ошондой эле мекенимди дуйно жузуно таанытууга аракет кылам деген ой тилектемин. Ал тилегимди кудай буюруса мишке ашырам деген умуттомун.
Томондо уккандай Элдостун каалаган максатына жетишине тилектешбиз. Сиздер уккандай канча деген кыздарыбыздын, жигиттерибиздин таланттары ачылбай келе жатат.

image

Буларга кааларыбыз келечеги кен болуп, Кыргызстанды тааныткан адамдардан болушсун.
Даярдагандар: Айдана Кнатова, Сабина Кадырбекова, «Аккептер» медиа борбору,20-ноябрь, 2015-жыл.