“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Тамеки-зыян.

2 Февраль 2016 жыл 17:12
Көрүүлөрдүн саны: 595

Саламатсыздарбы Кара-Суу айылынын тургундары. Эфирде «Ак кептер» борбору. Сиздер менен мен Гулзаада Бейшенбекова. Бугунку чыгарылышта биз сиздерге тамеки тууралуу айтып бермекчибиз. Биздин коомдо тамекинин зыянын ар бир киши билет, бирок ошого карабастан тамеки чеккендер коп. Тамекинин зыяндуулугу жонундо кененирээк маалыматты айылдын фельдшери Венера Турсуналиевадан алсак.

image

Тамекинин зыяны: ар бир адам тамеки чеккенде опкосу ышталып, акырындап барып опко рагына айланат. Тиштери тушот, боюнда бар аялдардын балдары начар торолот, боюнан тушо берет.
              Саламатсызбы. сиздин дуконунуздо тамекинин канча туру бар жана эн арзаны канча?

image

Саламатсынарбы, биздин дукондо 7 тамекинин туру бар экен. Ld-нын торт беш туру чыгат, фильтрлерине жараша. Winston, Classic, фильтр полёт,west деген тамекилер бар. Айылдын тургундары эн коп тарткан тамеки west, эмнеге экенин билбейм тартып корбогондон кийин. Эн арзаны фильтр полёт аны анча-мынча эле кишилер тартат. West-коп тартат биздин айылда.
              Айыл тургундарынын тамеки чегуу боюнча оюн угуп корсок:
             Тамеки чеккениме он жыл болуп калды. Зыянын билип эле чегип журом, таштаганга аракет кылып жатам.  Бир кундо бир пачка тамекинин жарымын чегип коем. Аз аздан таштаганга аракет кылып жатам, тамекинин зыяндуулугун баарыбыз эле билебиз. Тамеки чекпеш керек! Жаш балдарга айтат элем тамеки чекпегиле.
            Менин атам бир кундо 1 пачка тамеки чегет. Азыркы учурда тамекинин баардыгы кымбаттап кетти,эн арзаны отуз сом. Атам болсо 45 сомдук тамеки чегет. Бир жылда санасак 27 000 сом каражат кетип калат экен.
             Тамеки зыян аябай эле, телевизордон дагы айтып жатат. Ага болбой чегип жатабыз, Кумондор айткандай «зыян тамеки». Мендагы кыскартып жатам, аз аздан чегип, таштаган жатам.
Менин жолдошум чегет тамеки. Таштаганга аракет кылды бирок болбой эле чегип жатат. Азыркы учурда тамекилер кымбаттап кетти ошого болбой чегип жатат.
              Тамеки чегуу зыян, конумуш адат. Ал ар кандай орууларды жаратат, жыл сайын тамеки чеккендин айынан дуйно жузундо миллиондогон адамдар каза болот экен. Бирок ошого карабастан коп кишилер тамеки чегишет. Тамеки чегуу бул наркомания сыяктуу эле бир ооруу экен. Ошондуктан, жаштар тамеки , насыбай чекпегиле! Бул жаман адаттан алыс болгула. Баарыныздарга чын ден соолук каалайбыз!
Ушуну менен беруубузду аяктайбыз. Корушкончо сак саламатта болунуздар.

image

                Даярдагандар: Бейшенбекова Гульзада, Чакчагаев Султанаалы. 30.01.16. «Ак кептер» медиа борбору.