“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Уркун 100

2 Февраль 2016 жыл 17:18
Көрүүлөрдүн саны: 133

-Биз жашап жаткан коомдун ар бир урунтуу окуяларынын баардыгы тарыхтын барактарына кируучу окуялар. Тарых зордук, зомбулукка чыдабайт биз да алга журуучу цивилизациялык коомго барууну кааласак, анда биз откондун тажрыйбасын эстен чыгарбоо андан сабак алуу биздин парзыбыз.

image

-Ассалому алейкум урматтуу айылдаштар.Эфире «Ак кептер» медиа борбору. Студияда Элина Азаркулова. Сиздер билгендей, быйыл Уркунго жуз жыл болот, мына ушул кыргыз тарыхынын трагедиялуу жылы жонундо беруубузду улантабыз. Бул которулуш эмне учун чыккандыгы  тууралуу Кара-Суу орто мектебинин мугалимдери Нурбек Колбаев жана Чакчагаев Кыдыраалыдан кененирээк маалымат.

image

-1916 жылдагы жалпы элдик которулуш тарыхыбыздын эн эле трагедиялуу барактардын бири болуп, жумурай журтубуздун сезиминде очкус калаамат катары кала берет. Империялык Россиянын шарт наамасында кыргыздар элуу жылга чейин орус армиясында кызмат отоо милдетинен бошотулары жана кыргыз жергесине кочуп келишкендер, жергиликтуу калктын дыйканчылыгы менен мал чарбачылыгына  тоскоолдук келтирбоону корсотуп турган. Бирок мезгил жана кийинки окуялар ырастагандай келгин тоболдор  эн жакшы жерлерге отурукташканы, аз келгенсип кыргызды кысымчылыкка ала башташкан. Падышачылык эзуучулордун укуругун узарткан бай-манаптардын алысты королбастыгы жана бийлик дегенде элин кошо сатып жиберууго даяр, ач коздугу кошумча болгон. Шейит кеткен ата-бабаларыбыздын жаркын элестерин унутпай аларга таазим этип журолу.
-Бул которулуш Анжияндан башталган. Ал которулуштун себеби — 1914-жылы 1-августа биринчи дуйнолук согуш башталат, падыша бийлиги кыргыздын жигиттерине окоп каздырчы экен. Кыргыздарга туура эмес маалымат жетет экен «кыргыздын балдарын астына салып, оздору болсо артында мылтыктары менен журот экен деп», орусча айтканда «пушечное мясо» болчу экен кыргыздын балдары деп, аны уккан кыргыздын ата-энеси жинденишет. :»Балам фронтко барып олгондон коро экообуз чогу ололу»-деп которулушко чыгышат, элди токтото албай калышат. Падыша бийлиги биякка армиясын жонотот, биздин элдин колунда эч нерсе жок, которулушту тынчытат. Кыргыздарды олтурот, баарын атат, анан кыргыздар Кытайды коздой качат,Кытайга качышканга жардам берген «Алаш» деген партия болгон. Аны Абдыкерим Сыдыков жетектеген.
-Сиздер кыргыз эли эмне учун ак падышага которулушко чыккандыгы жонундо уктунуздар.Эми болсо биздин мамлекетте Уркундын жуз жылдыгын коомубуз кантип тосуп жатканды тууралу мектептин мугалими Султаналы Чакчаевден маалымат алсак:

image

-Бугун кыргыз мамлекети калайык калкыбыз Уркундун жуз жылдыгынын трагедиялуу датасын белгилеп жатат, кыргыз элинин ак падышага каршы которулушундо империалистик Россия тарабынан кыргыз калкынын 44% жок болунган деп, тарыхчылар, изилдоочулор айтып жатат .

image

2015-жылдын май айында президент тарабынан бул трагедиялуу датаны белгилеш учун 10 млн сом каражат берилген. Ушул 1916-жылкы болгон окуяны излдоого, ар кайсы жерлерге ушул окуянын катышуучуларына арналып, эстеликтерди тургузууга жана ошондой эле адамдардын соокторун жерге коюу учун болунуп берилген. 2015-жылы бир топ эле иш чаралар журуп отту-Бедел ашуусунан, ошондой эле Колдун бир топ жерлеринен соокторду алып келишип, Ак-Шыйрак жана башка жерлерге, куран окутулуп, сооктор жашырылган.

image

Бул окуяга саясий баа бериле элек. Орустар менен болгон карым катнашты ырбатпай туруш керек деп, кээ бироолор айтат. Ал эми улутчул, патриот кыргыздын жарандары бул кыргын болгон деп эле ачык айтып жатышат. Ар кайсы жак озунун далилдерин келтирип  дагы эле болсо кыргыз коомунда талаш-тартыш журуп жатат .
-Сиздер уккандай бутундой кыргыз эли Уркунго арналган жуз жылдыкты ар кандай иш чаралар менен белгилеп жатат . Президентибиз баш болуп бул трагедиялуу окуяга тарыхый жана саясий баа беришти. Бул окуяны изилдоо дагы эле журуп жатат. Ар бир кыргыз жараны тарыхыбыздагы бул окуяны эч качан эсибизден чыгарбоо керек. Ушуну менен беруубуздун аяктайбыз, сак саламатта калыныздар.
Даядагандар: Султанаалы Чакчагаев,Элина Азаркулова, Аккептер медиа борбору, 31-январь, 2016-жыл.