“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Комуз ийрими

9 Февраль 2016 жыл 15:04
Көрүүлөрдүн саны: 239

Кутмандуу кунунуздор менен урматтуу айылдаштар! Эфирде «Ак кептер» медиа борбору. Сиздер менен мен Гулзада Бейшенбекова.Бугунку чыгарылышта биз сиздерге айылыбызда ачылган комуз ийрими тууралу айтып берели деп чечтик. Бул ийрим кантип пайда болгондугу тууралу айылыбыздын тургуну Султаналы Чакчагаевден алсак:
-Кара-Суу айылында комуз ийрими иштеп жатат. Бул ийримди айылыбыздын тургуну Умут Осмонова алып барып жатат. Ийримдин ачылышына «Ак кептер» медиа борборунун волонтерлору

image

Элина Азаркулова жана Гулзада Бейшенбекованын  салымы ото чон. Бул эки кыз «Ак кептер» медиа борборунун волонтерлору Умут Осмонованы таап, бул кишинин комузда ойной турганын билишип, бизди комузга уйротпойсузбу деп, ал кишиден бир айдан бери сабак алып журушкон.
Кийин алар ушул киши жонундо, оздору жонундо комузду кантип уйронуп жаткандыгы тууралу кичине репортаж жасап, айылга жарыялашты, ошондон кийин ата-энелер жана мектеп администрациясы ал кишини чакырышып, айылдын балдарына комуз уйротпойсузбу деп кайрылышып, азыр мектепте он бешке жакын балага комуз уйротуп жаткан убагы.

image

Ийримге катышкан айылдын балдарына конул бурсак:
-Кара-Суу айылына комуз кружок ачылды. Кружокко коптогон окуучулар катышып жатышат.
-Менин атым Нурай мен комуз сабагына озум кызыгып жургон болчумун, ойлоп жаткам мага ким жардам берет деп, анан мектепке комуз кружогу ачылганы жакшы болду.
-Салатсыздарбы, менин атым Назик мектепте комуз кружогу ачылды. Кружок ачылганы эки-уч кун болду. Биз «Жаштар маршы»  куусун уйронуп жатабыз. Мага комуз абдан жагат.

image

Менин атым Канышай, мектепте комуз кружогу ачылганына абдан жакшы болду, мен суйунуп жатам.
Эми созду айылда биринчи жолу ачылган комуз кружогунун жетекчиси Осмоновага сунсак:
-Биз Кара-Суу мектебине комуз кружогун ачтык, барган сайын балдар кобойуп аябай жакшы болуп жатат. Азыр балдарга уйротуп жаткан куу «Жаштар маршы». Мурун эки-уч эле окуучу катышчы азыр балдар кобойду.

image

Мына ошентип, Кара-Суу айылында комуз ийрими ачылды. Балдар да, ийримдин жетекчиси да, кызыгуу менен иштеп жатышат.
Биздин тилегибиз: айылыбыздан чон-чон комузчулар чыкса экен деген ойдобуз, ийримге ийгиликтерди каалайбыз, ушуну менен беруубузду аяктайбыз, сак саламатта болунуздар.
Даярдагандар: Бейшенбекова Гулзада, «Ак кептер» медиа борбору, 5-февраль,2016-жыл.