“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Аалы Токомбаев «Кандуу жылдар.»

2 Март 2016 жыл 17:21
Көрүүлөрдүн саны: 923

-Жаркырап жайнап келе жаткан жаз майрамыңыздар  менен урматтуу радиоугуучулар. Эфирде «Ак кептер», студияда Медина Сатыбекова. Биз «Үркүн» тууралу репортажыбызды улантабыз. Бугун  сиздерге Аалы Токомбаевдин «Кандуу жылдар» деген, кыргыз адабиятындагы биринчи ыр түрүндө жазылган роман тууралу маек куруп беребиз, кененирээк маалыматты мектебибиздин мугалими Ажиева Гүлжан Алымбаевнадан алсак. Токомбаевдин кандуу жылдары эмне болгон чыгарма? 

image

    -Аалы Токомбаевдин кандуу жылдары кыргыз элинин 1916-жылдагы падышалык Россиянын жана жергиликтүү бийлөөчү таптын эзүүсүнө каршы улуттук боштондук көтөрүлүшүн, анын жүрүшүн, чыгыш себебин, кыймылдатуучу күчүн, жеңилишин, элдин Кытайга качышын, Кыргызстанда совет бийлигин орнотушун көрсөтүүгө арналган кыргыз жазма адабиятындагы ыр менен жазылган биринчи роман.  Токомбаев бул романды 30 жылга жакын жазган. 1967-жылы Аалы Токомбаевке бул роман үчүн кыргыз республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты деген наам берилген. 

image

-Чыгарма эмне тууралуу баяндайт  экен?

-«Кандуу жылдар» романында кыргыз элинин1916-жылдагы боштондук учун күрөштө, орус-казак жазолоочуларнан кыргын алышын, зор трагедиялуу көрүнүштөрдү, 

image

акындын көз жашы аккандай айдан ачык сурөттөөсүнө,күч кубаттан алсыраган ачык жылаңач качкындарды, алардын ак кар, көк музда тоңуп, айрымы мөңгүнүн  жаракасына кулап түшүп өлүп жатканын,наристенин энесинин эмчегин тиштеген бойдон көз жумганын, бешиги менен сууга аккан бөбөктөрдү, жакындарынан ажырап, боздоп ыйлагандарды, өз көзү менен көрүп кулагы менен угуп, башынан өткөргөнү, жүрөгүнүн тереңинде калып, тынчтык бербеген.

-Кандуу жылдан кыскача окуп берсениз! Романдын биринчи китеби эмне учун 1991-жылы араң жарык коргон?
 

image

-Орустун карателдик отряды кыргыздарды кырган төмөнкү массалык сценаны каңырык түтөбөй окуй албайсын.
Бир кезде жаркылдаган кылыч жайнап,
Көп элди кырып кирди  малдай айдап,
Куралсыз күч үстүндө толгон карып,
Канткенде чын ажалга кылсын кайрат.
Кылычтар эсеби жок канга батты,
Дарбыздай эчен баштар кулап жатты,
Чыңырып  тигил жакка качканы  менен
Кандардан майда майда булак акты.
Кең талаа жан талашкан чууга толуп,
Ийменбей адам канын шимип соруп
Топурак кызыл камыр турун алды
Жуурулуп пендесинде ботколонуп.
Солдаттар карышкырдай кыргын салып,
Эрденсип аккан канга моокун канып
Ойношот тилгилешип аял ичин,
Боорунан жаш балдарын илип алып.
-Ушундай ачуу чындык сүрөттөлгөн үчүн романдын биринчи китеби 1991-жылга чейин жалпы окурмандарга жеткен эмес. 

image

-Сиздер «Үркүн» жөнүндө дагы бир чыгарма менен тааныштыңыздар. Ушуну менен берүүбүздү аяктайбыз. Тарыхыбызды унутпай эстей жүрөлү! Сак саламатта калыңыздар!
Даярдаган: Медина Сатыбекова
Кара-Суу айылы, «Ак кептер» медиа  борбору,
27.02.16.