“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Мукай. «Узак жол».

2 Март 2016 жыл 17:26
Көрүүлөрдүн саны: 442
      Mukai Uzak jol

Кутмандуу күнүнүздөр менен  урматтуу радио угуучулар эфирде » Ак кептер «медиа  борбору сиздер менен Элина Азаркулова. «Үркүн» темасына арналган чыгарылышты улантабыз. Бүгүн биз сиздерге кыргыз  элинин атактуу жазуучусу, классиги Мукай Элебаевдин «Узак жолу» тууралуу кеп кылып беребиз.
Анда эмесе сөздү Кара-Суу орто мектебинин кыргыз адабиятынын мугалими Аджиева Гүлжан эжеге сунсак: -эже Элебаевдин »Узак жолунун «кыргыз адабиятындагы, тарыхындагы ролу эмнеде ?
-Азыркы күндүн адабиятынан Мукай Элебаевдин «Узак  жол» өңдүү чыгармалары сейрек кездешет .Мукай «Узак жолунда, соз менен келиштирип сүрөт тарта билген чебер сүрөтчү экендигин айгинилей алган.Бул жарыкчылыкта, кыргыз эли жашап турганда  

image

1916-жылдагы кандуу трагедия эч качан унутулбайт.Ал эми кыргыз элинин башына түшкөн бул кандуу алаамат менен байланышкан «Узак жол» эч убакта маанисин жоготкон эмес.
«Узак жолдун» жазылышы менен 30-жылдарда кыргыз адабиятына, олуттуу жаңылыктар кирген. «Узак жол»  Мукай Элебаевдин өз башынан өткөргөн  күндөрдүн жупуну  сыяктуу  эле  аңгеме дүкөнү , мындай  алганда  улуттук тарыхтагы улуу трагедияга айланып турат . Бирок Мукай  бул алааматтуу тарыхтын жүрөктү титиреткен чыгармасын жеке пенде тагдырлары  аркылуу берген .

-Чыгарманын сюжети жөнүндө кыскача айта кетсеңиз. 

image

-Чыгарманын башкы каарманы жетим Мукайдын тагдыр жибеги көзөп өтөт, чыгарманын башынан аягына чейин Мукайдын өмүр жолуна тепчилип  бир өзөккө байланып, бир бүтүндүктү түзүп турат. Жаш болсо да тагдырдын соккусуна, адилетсиздике, ажалга каршы туруп, алыста калган ата журтун медер тутуп, жакшылыктан үмүт үзбөй өз келечеги үчүн, азаттык, бакыт үчүн күрөшкөн руху күчтүү кыргыз өспүрүмүн көрөбүз.
-«Узак жолдун» негизги идеясы эмнеде?

image

Мукайдын «Узак жолу» ылайым баланы ата-энеден айрыбасын, бала менен ата-эне ар дайым бир болсун, элде, ата-журтта тынчтык болсун. Кудай тууган жерден ажыратпасын, ар дайым Ала-Тоо болсун, ар дайым Ала-Тоодо токчулук болсун деп, үн салып турган чыгарма.
Урматтуу угуучулар сиздер «Үркүн темасына арналган биздин чыгарылышты уктуңуздар, 

image

тарыхыбыхды унутпай, аны сактап, эстеп жүрөлу. Укумдан тукумга өткөрөлү, ушуну менен берүүбүздү аяктайбыз, көрүшкөнчө сак саламатта калыңыздар.
Даярдаган:Элина Азаркулова, Кара-Суу, «Ак кептер», 27.02.16-жыл.