“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Жыл мугалими-2016. Кара-Суу орто мектеби.

2 Март 2016 жыл 17:18
Көрүүлөрдүн саны: 140

Кутмандуу күнүңүздөр менен урматтуу радиоугуучулар! Эфирде «Ак кептер» медиа борбору. Студияда Медина Сатыбекова. Бул чыгарылышта биз сиздерге Кара-Суу орто мектебинде өтүп жаткан жыл мугалими сынагынан кабар берип коёлу деп чечтик. Сөз кезегин конкурстун алып баруучусу Гулмира Джумалиевага берсек: 

image

-Урматтуу мугалимдер жана окуучулар, бүгүнкү жыл мугалими- 2016  кароо сынагын ачык деп жарыялайбыз.Бугунку кароо сынакка катышуучулар: 

image

өзүбүздүн  Кара-Суу орто мектебинде иштеген физика, информатика мугалими Күздөбаева Асем Кубанычбековна, эмгек стажысы 4 жыл, жаш адис. Андан кийин, экинчи  сынактын катышуучусу 

image

биздин башталгыч класстардын мугалими Абдрасулова Аниза Дуулатбековна, эмгек стажысы 6 жыл. Анда эмесе катышуучулардын көңүлдөрүн көтөрүп мындай деген ыр айтмакчымын: мугалим акыл эстин саяпкери, мугалим жаркын өмүр эң бир кымбат, адамга ак жол тилейт чебер кылдат, билимдин акыл эстин саяпкери, буларга миң мертебе алкыш, урмат. Калыстар тобу:  

image

Азаркулова Калбүбү химия, биология мугалими, экинчисин шайлап алалы, Ажиева Гүлжан, Акешова Гулнара башталгыч класстардын мугалими.
Эмки сөз конкурстун катышуучуларында.
-Мен, Абдрасулова Аниза Дуулатбековна, ушул Кара-Сууга турмушка чыгып, азыр 3 балалуумун. Мугалимдик кесип аябай жагат өзүмө, мен да өзүмө татыктуу балдарды тарбиялап, өстүрсөм деп ойлойм, аракет кылам. Менин окуучуларым мыкты окуучулар болуп, билимдүү болушун каалайм.

image

-Саламатсынарбы, урматтуу кесиптештер! Ысык-Кол обласынын Жети-Огуз районунун Барскоон айылында туулгам, Арабаев жогорку окуу жайына тапшырып, 2012-жылы аяктап, ошол жылы биринчи эмгек жолумду Кара-Суу орто мектебинде баштадым. Кара-Суу орто мектебинин информатика мугалимимин. Улуттун дөөлөттүк азыктанган кыргыздын көөнөрбөс рух дүйнөсүн нур сымал келечек муунга таратуучу информатика деген жооптуу да, түйшүктүү да ишти аркалап келем, 3 күлүк мезгил, ой, шамал дешет, мезгил шамал менен жарышып ойду медер кылып тутуп келем, 4 ысык ата-эне, сүйгөн жар, эңсеп тапкан балаң, очоктун оту дейт, мен андан жылуулук алам, жылуулук берем, анткени мен аздектеп тапкан бала суйуктуу жар энемин куттуу коломтонун ээсимин коркконум 4 ачуу, алар өлүм менен оору, жокчулук менен карылык жашоодогу 4 досум акыл, билим,тилим, абийирим, ошондуктан акылга башкарылып, билимге сугарылып, эне тилимди туу тутуп, мугалимдик түйшүктү өтөп келем. Окуучуларыма билим берип, ошол эле учурда кыргыздын улуу касиеттерин улап, кыргыз болууга мезгил келди деген президентибиздин чакырыгы да, менин жан дуйнөмдун чакырыгы болду. Сөзумдун соңунда мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, баардыгыңыздарга кудайым  ден-соолуктун бекемин, өмүрдүн узунун берсин; ал эми атаандаштарыма ийгилик алып келсин демекчимин.
Бул сынактын катышуучуларына жюрилер жана мугалимдер тарабынан ар кандай суроолор берилди. 

image

-Асемге, диагностикалык баалоо менен жыйынтыктоочу баалоонун эмне айырмасы жана окшоштугу бар?
-Куриккулум деген эмне?
-Эмне учун окуучунун көпчүлүгү начар окушат? Суроо. Өзүнүн табигый жөндөмдүүлүгүнүн начардыгы, кызыгуусунун төмөндүгү, мугалимдердин билиминин тайкылыгы, китептин жетишсиздиги, жашоо образы.
Мына ошентип, конкурстун биринчи этабы аяктады. Конкурсанттар докладдарды, жазган эсселерин, даярдаган ар кандай материалдарын жюринин сынагына коюшту. Конкурстун биринчи күнүнүн  жыйынтыгын жюрилерден угуп койсок.
-Буклет боюнча Абдрасулова менен Куздөбаеваныкы. Куздөбаеваныкы толук бүткөн экен, Абдрасулованыкы толук бутпөптур, доклады жок экен Абрасулованын эссеси жок экен, толук бутпөй калыптыр. Сабактары бар экен, көрсөтмө куралдары бар экен, көрсөтмө адаптациясы жок экен. Асемдики толук бүтүптүр, Анизаныкы толук бүтө элек экен. Анизага менин оюмча 4, Асемага 5.
Өзүнүн философиялык көз карашын эссе боюнча бериптир. «Менин педагогикалык филосифиям»,-деп аны эссе түрүндө жазып өткөрүптүр.

image

-Абдрасулова Анизага 12 бал, Куздөбаевага 15 бал
26-февралда конкурстун биринчи этабы аяктады, алдыда Асем Куздөбаева келе жатат, эсеп 15-12. Ушуну менен берүүбүздү аяктайбыз, жаркырап жайнап келе жаткан жаз майрамыңыздар менен, сак-саламатта калыныздар.
    Даярдаган: Сатыбекова Медина, Кара-Суу, «Ак кептер» медиа борбору, 29-февраль, 2016-жыл.