“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Кара-Суу айылындагы Нооруз майрамы.

3 Апрель 2016 жыл 16:12
Көрүүлөрдүн саны: 49

      Kara-Suu
      dagy Nooruz

Саламатсыздарбы, урматтуу айылдаштар! Сиздер менен Нурай Жаныбекова. Бүгүн биз сиздерге айылыбызда өткөн Нооруз майрамы тууралуу айтып берели. Майрамдын өтүшү тууралуу маалыматты Кара-Суунун тургундарынан алсак.

-Ноорузду быйыл Кушчу уруусу алып барды. Мени20150305_122204мче майрам жакшы өттү. Уштуруучулар чоң концерт тартуулашты. Быйылкы Нооруздун кызыктуусу, бул комузчулар ансамблинин эл алдына чыгып, комуз ойноолору болду.Биринчи жолу айылыбызда комузчулар ансамбли пайда болду.Кыздарды үйрөткөн Үмут Осмоновага чоң ыраазылыгымды билдирем. Айылдын тарыхында кала турган нерсе болду,- деди Акешова Гүлнара,мектептин мугалими. DSC_0216

-Комузчулар мага абдан жакты. Биринчи жолу айылыбызда комуз ойноп чыгышты. Мен аларга чоң ийгилик каалайм. Дагы жакшылап черткенди үйрөнүшүп, райондук, республикалык деңгээлге жетсе деп тилек кылам. Үмүт эжебизге ден соолук, ийгилик. Балдарды комуз өнөрүнө үйрөтө берсин,- деди Элдос Таштанов, 11-класстын окуучусу. k2

-Мага да быйылкы Нооруздун өтүшү абдан жакты, дасторкон да мыкты болду. Ар кандай оюндар өткөрүлдү.- дейт Гүлнара Жумалиева, мектептин башталгыч класстарынын мугалими. DSC_0189

-Мага болсо ат чабыш жакты, ар жактан аттар келди. Биринчи оорунду Эсенбек Молдобековдун аты жеңип, 12000 сом байгеге ээ болду. Аттарыңыз дайыма 1-келип, Кара-Суунун даңкын чыгарып турсун демекчимин,- деди 8-класстын окуучусу Көлбаев Бекболот. 20150321_160935

-Кушчу уруусунун өткөргөн Нооруз майрамы жакшы болду. Кезекти Саруу уруусуна беришти. Ноорузду айылыбыз 15 жылдан бери чогуу өткөрүп жатабыз, эми биз дагы жакшылап даярданып, 2017-жылкы Нооруз майрамын жогорку деңгээлде өткөрөбүз,-деди Кушчу уруусунун келини. DSC_0124

Быйылкы Нооруз майрамын уюштурган Кушчу уруусуна «Ак кептерден» чоң рахмат. Ишиңиздерге чоң ийгилик. Ден соолукта болуңуздар. Ушуну менен берүүбүздү аяктайбыз, күнүңүздөр көңүлдүү улансын.

Даярдагандар: Нурай Жаныбекова, Медина Сатыбекова, 23-март, 2016-жыл, «Ак кептер», Кара-Суу.