“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Айылдагы чоң көйгөй. Спирт ичимдиги.

8 Апрель 2016 жыл 12:44
Көрүүлөрдүн саны: 64
      SPIRT ICHIMDIGI

-Саламатсыздарбы урматтуу айылдаштар. Сиздер менен «Ак кептер». Бул чыгарылышта айылыбыздагы чоң көйгөйлөрдүн бири спирт ичимдигинин тойлордо өтө эле көп колдонулуп, жаштардын арасында ичимдик ичкендер, айылдагы коопсуздукка кедерги тийгизип жаткандыгы тууралуу кеп кылабыз. Бул жаман адат боюнча жаштардын оюн уксак: 20150305_120738

-Спирт ичимдиктерин колдонуу айылыбызда эң бир көйгөйлүү маселе. Арак ичкендердин саны көп эмес, бирок бар. Негизи аталарыбыз, байкелерибиз аракты ичпей эле коюшса жакшы эле болмок. Кээ бир айылдарда арак сатылбайт экен. Биздин айылда да ушул аракты сатпай эле койсо жакшы болоор эле. Жаштар аракты ичип алышып, бири бири менен мушташып, чаң тополоң болуп эле жүрүшкөнү, — деп айтты мектептин окуучусу Тилек Муратбек уулу.

-Айылда аракты ичкендер акыркы убакта көбөйүп кетти. Алкогол ичимдиктерин ичкенден көрө, спорт менен машыгышса жакшы болоор эле. Жаштарга да үлгү болмок. Анан минтип эле арак ичип жүрө берсек, айылыбызда алга жылуу, өнүгүү деген болбой калатко. Менин оюмча, айылдын өнүгүүсүнө спорт менен машыгуу чоң көмөк көрсөтмөк. Анан ушинтип эле арак ичип жүрө берсек, өнүгүү болобу, болбойбу биздин айылда аны айтуу кыйын,- дейт 11-класстын окуучуусу. 20150918_122720

-Кээ бир жаштар айылда аракты көп иче башташты. Ичкендери аз келгенсип, көчөдө туруп алышып, сөгүнүшөт, мушташышат кээ бирөөлөр. Аягы милиция менен бүтүп жатат. Жаштарга үлгү болуп, улуулар деле ичпей койсо жакшы болот эле. Негизи аракты тойлордо көп ичишет. Анан кээ бирөөлөр кууп ичип кетип, далай үй-бүлөөлөр бузулуп жатат. Нооруз айылыбызда жакшынакай өттү эле, анан  аягы арак, мушташ менен бүттү. Аракты тыйышса жакшы болмок, мына жаз да келди, андан көрө талаа иштерине көңүл буруп, иштешсе болмок, — деди айылыбыздын тургуну Ратха эже. 20150922_092059

-Тойлордо арак көп ичилет. Айылдагы комоктордо арак түгөнсө, кошуна айылга барып ичкендер да бар. Арак ичкендери аз келгенсип түнү бою карта ойношот, кээ бирөөлөр. Түн киргенде да кетип калышпай ойношот.

Бул көйгөй кылымдардан келе жаткан көйгөй болуш керек. Ак кептер медиа борборунун атынан айылдын жаштарынын жана Кара-Суу орто мектебинин  20150918_121450окуучуларынын атынан: айыл тургундарына спирт ичимдиктерин аз колдонууну суранабыз!  Сак саламатта калыңыздар!  Даярдагандар: Медина Сатыбекова, Таазим Талдыбекова. «Ак кептер», 05.04.2016.