“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

«Ак дилден» коомдук уюмунун президенти «Ак кептерде».

17 Апрель 2016 жыл 22:49
Көрүүлөрдүн саны: 92
      Ak dilden-koomduk uymu

-Саламатсыздарбы! Сиздер менен «Ак кептер». Бүгүнкү чыгарылышта биз сиздерге Жайыл районунун Жайыл айылында туулуп өскөн Жогорку Кеңештин депутатынын демилгеси менен негизделген «Ак дилден» деген коомдук уюмдун президенти Бейшеева Назгүл менен болгон маекти сунуштайбыз.

20160415_171834

Жогорку Кеңеште Исаева Динара Шертаевна деген депутат эжебиз бар. Ошол кишинин демилгеси менен азыркы күндө «Ак дилден» деген эл аралык коомдук уюм түзүлдү. Мен ошол коомдук уюмдун президенти болом. Атым Бейшеева Назгүл. Гендердик экспертмин.  DSC_0874

-Назгүл эже, уюмдун иштери жөнүндө айта кетсеңиз. Кимдерге жардам бересиздер?

-Акыркы 4-5 жылдан бери кыз-келиндердин укуктарын коргоп жүргөн адаммын. Фонд элет жериндеги аялдарга жакшы шарт түзүп берели деген максат менен алек.  20160415_172920

-Биздин медиаборбор боюнча кандай ойдо калдыңыз? Сизге жактыбыбы?

DSC_0869

-Мен силердин айылга келип, абдан кубанып жатам. Ушундай мультимедиялык борбор бар экен, силерге окшогон жаш кыздар иштеп, кадимки айылдык корреспондент экенсиңер. Муну ар бир адам иштете албайт, шык керек, билим керек, талант керек. Менин оюмча силерден атактуу журналисттер чыгат деп ойлойм келечекте.

-Сиздер Жогорку Кеңештин депутаты Динара Шертаевна Исаеванын демилгеси менен негизделген «Ак дилден» аттуу эл аралык коомдук уюмунун президенти Бейшеева Назгүл менен болгон маекти уктуңуздар. «Ак дилден» коомдук уюмуна «Ак кептердин» атынан чоң чоң ийгиликтерди каалайбыз.

-Сак саламатта болуңуздар.

-Даярдагандар: Султаналы Чакчагаев, Гүлзаада Бейшенбекова, 17.04.2016-жыл. «Ак кептер», Кара-Суу.