“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Аскерге чейинки даярдык — АЧД сабагы мектепте.

18 Апрель 2016 жыл 9:49
Көрүүлөрдүн саны: 1192
      Аскерге чейинки даярдык-АЧД

-Кутмандуу күнүңүздөр менен. Сиздер менен «Ак кептер». Бул чыгарылышта биз сиздерге мектептеги Аскерге чейинки даярдык (АЧД) сабагынын кандай өтүлүп жаткандыгы тууралуу кеп куруп берели. Анда эмесе сөздү Кара — Суу орто мектебинин АЧД сабагынын мугалими Азаркулов Нурадил Саткынбаевичке сунсак.

20160408_093103

Мен Кара-Суу орто мектебинде 18 жылдан бери Аскерге чейинки даярдык (АЧД) сабагын өтөм. Көп жылдан бери районого, военкоматка кайрылып жатабыз, автомат берилсе балдардын теориялык алган билимин, практикада көрсөтө билсе жакшы болот эле деп. Союз убагында мектептерде автоматтар болчу эле. Азыр болсо мектептерде жок.

-Калашников автоматы мектепте жок эле. Аны кайдан, эмне үчүн алып келдиңиз?

20160408_093034

-Жыл сайын райондо мектептер аралык «Зарница» оюну өтөт. Биз дагы катышабыз. Быйыл оюндун программасында автоматты чачып, кайра жыйноо да киргизилиптир. Ошого карата военкоматка арыз жазып, балдар кичине болсо да даярданып, мелдешке активдүү катышсын деп, доверенность менен мектепке автомат алып келдим. 20160408_092733 Теориялык жактан үйрөткөнүмдү практикада бекитишсин деп. Мына ошентип, балдарды мелдешке даярдап жатам. Оюнда 100 м. чуркоо, турникке тартынуу, Ф-1гранатасын алыстыкка ыргытуу, жарадарларды ташуу, эстафета болот.

-«Зарница» оюунуна кандай даярдык жүрүп жатат? 20160408_092739

-Кара-Суу мектебинин окуучулары оюнга жакшы даярданып жатат. Биринчиликти алсак деген ойдо бар.

-Мектептерге автомат берсе болобу? Курал-жарак сактоочу жай барбы мектепте?

— Мектептерге вонкомат аркылуу автомат берилсе жакшы эле болмок. Биз мектепке курал-жарак сактоочу жайды даярдап койгонбуз. Сейф бар, эшиктери темирден, сигнализациясы бар. Район менен сигнализация туташа элек, өзүбүздө бар, метептин ичинде. Курал берилсе биздин курал-жарак сактоочу жай дайын. АЧД сабагын мурунку союз убагындагы китептер менен өтүп жатабыз. Жаңы китеп чыгарылса жакшы болот эле. 20160408_092800

-Сиздер Кара-Суу орто мектебинин АЧД сабагынын мугалими менен «Ак кептердин» ыктыячыларынын маегин уктуңуздар. Сак саламатта болуңуздар. Күнүңүздөр көңүлдүү улансын. Даярдагандар: Таазим Талдыбекова, Элина Азаркулова, 17.04.2016. «Ак кептер», Кара-Суу.