“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Дагы бир төө айылда.

10 Май 2016 жыл 13:17
Көрүүлөрдүн саны: 145

-Арбаңыздар урматтуу Кара-Суу айылынын тургундары, эфирде «Ак кептер» медиаборбору. Студияда Айдана Кнатова. Бугунку чыгарылышта биз сиздерге саяпкер Молдобеков Эсенбек тууралуу айтып берели деп чечтик, себеби жакында эле 9-майда Новониколаевкада болуп өткөн чоң ат чабышка катышып, айылыбызга дагы бир төө утуп келди. Кененирээк маалыматты Молдобеков Эсенбектин өзүнөн алсак:20130321_153122
-Мен Молдобеков Эсенбек. Новониколаевка айылында чоң ат чабышка катыштым. Шавкет деген аксакалдын 80 жылдык мааракесине ат чабыш оюндары болуп, үч түрдүү ат чабыш болду тай, кунан, аламан. 20150321_160850Тайлардан биринчи келгенге кой, экинчиге козу, үчүнчүгө 2000 сом болду. Кунандардан биринчи келгенге тай, экинчиге торпок, үчүнчүгө кой анан 2000 миң сом болду. Аламанга болсо биринчи байге төө, экинчиси тай, үчүнчүсү торпок, төртүнчүсү кой, бешинчиси козу, алтынчысы 2000 миң сом болду. 20131030_095803 Ошентип Шавкет аксакалдын 80 жылдык мааракесинде төө байгесине ээ болдук. Атты Канат деген бала чапкан, ага дагы чоң рахмат буйруса дагы көптөгөн ат чабыштарга катышабыз. 20160507_104008
-«Ак кептердин» атынан Кара-Суу айылынын тургуну Молдобеков Эсенбекке албан ийгиликтерди, үй бүлөсүнө ден соолук каалайбыз. Сак саламатта болуңуздар.
Даярдагандар:Айдана Кнатова, Чакчагаев Султаналы, «Ак кептер» медиа борбору, 10-май,2016-жыл.