“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Төө.

10 Май 2016 жыл 14:37
Көрүүлөрдүн саны: 180

-Саламатсыздарбы урматтуу Кара-Суу айылынын тургундары, эфирде»Ак кептер» медиа борбору. Бул чыгарылышта биз сиздерге Кара-Суу айылында болуп жаткан жаңылыктар жөнүндө айтып бермекчибиз, жакында эле 19-26-октябрда Суусамыр өрөөнүндө чоң ат чабыш болуп өттү, ат чабышка биздин айылдан бир топ ат күйөрмандар барып, өзүлөрүнүн аттарын чабышты. 20131030_100135Алардын ичинде Молдобеков Эсенбек, Какешов Адилет, Жекшеналиев Меден, Ибраимов Таштан мына ушул ат чабыштар жыйынтыктар жөнүндө биз силерге айтып берели деп жатабыз.19-октябрда ат чабышка катышкан Молдобеков Эсенбек, Какешов Адилет болушкан. Бул ат чабышта Какешов Адилет экинчи оогунга ээ болду, ал өз аты менен тай утуп алды. Ал эми 26-октярбда болсо Суусамыр өрөөнүндө дагы бир чоң ат чабыш болуп, биринчи байге төө болду, бул төөнү биздин айылдын тургуну Какешов Адилет утуп келди. Мына ушул жөнүндө Какешов Адилеттин өзүнөн маалымат алсак:20131030_100218
-Аттын күчүн көрөлү дедик, аттын өзүн дайындап, 19-октябрда Суусамыр өрөөнүндө ат чабыш болот деп байкелер келди. Май айылында болду анан ошол жерден Варота деген жерден тосту, экинчи орунга ээ болуп тай алып келдик. Андан кийинки эле суббота 26-октябрда кайра эле Суусамыр өрөөнүндө чоң ат чабыш болду, 35 км аралык күч сынашты.20150321_160935 Ошол ат чабышта биринчи орунга ээ болуп, төө утуп алдык.Байгени айылга алып келгенден кийин айыл тургундары аябай сүйүнүштү. Кубатка да чоң рахмат ал мен айткандай кылып чабып, эки байгенин баарын тен алып келген Кубат, кудай буйруса ал экөөбүз дагы көп аттарды дайындайбыз. 20131030_100101
-Төөнүн баасын деле билбейт экенбиз, өткөндө аш берген ээлеринен сурасак Нарындан алып келдик дейт төөнүн баласын 140 минге.Утуп келген төөнүн жашын деле билбейбиз, төөнү биринчи көрүп, биринчи минип жатабыз.Айылдын баары дүңгүрөп кичинекей балдардан бери сүрөткө тартып жатышат. Бул айыл үчүн чоң жаңылык болду.
Адилет айкандай биздин айылда төө утуп келиш чоң жаңылык болду. Адилет жаш бала, келечеги алдыда буйруса биздин байкелер сыяктуу мисалы Молдобеков Эсенбек сыяктуу чоң саяпкер чыгат деп ойлойбуз. Анткени бул баланын келечеги кең.
Даярдагандар:Чакчагаев Султаналы, Азаркулова Эркайым, «Ак кептер» мультимедиа борбору 30-октябрь,2013-жыл.