“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Мамлекеттик аттестация.

17 Май 2016 жыл 15:25
Көрүүлөрдүн саны: 149

      Мамлекеттик аттестация

-Кутмандуу күнүңүздөр менен урматтуу угуучулар! Эфирде»Ак кептер» медиа борбору. Студияда Айдана Кнатова. Бүгүнкү чыгарылышта Кара-суу айылынын бүтүрүүчү класстарды экзаменге кандай даярдык көрүп жаткандыгы тууралуу айтып бермекчибиз. Кененирээк маалыматты бүтүрүү класстардан алсак: 20160517_133110
-Мен? Нурбеков Сыймык, 11-окуучусумун окуу жылы аяктап баратат. 4 сабактан экзамен беребиз. Азыркы учурда билет жазып жатабыз. Алгебра сабагынан эсептерди чыгарып, кыргыз тил, орус тил сабагынан дилбаян жазып консультацияга келип жатабыз. Кудайым буйруса экзаменди ийгиликтүү тапшырып, жакшы баа алып, борборго сапар тартып жакшы бир окуу жайга окуюн деген ниетим бар. 20160517_100143
-Мен, Ишенбек уулу Ырыскелди, Кара-Суу орто мектебинин 9-классында окуйм. 9-классты бүткөнгө байланыштуу быйыл бизге 4 сабактан экзамен болот. Кыргызстан тарыхтан, орус тилден, кыргыз тилден жана алгебрадан беребиз. Ал экзаменге даярдыктар жакшы жүрүүдө. Жогору жактан келген атайын билеттерди жазып, аларга жооп издеп жатабыз.
-Мен, 9-класстын окуучусу Сатыбеков Кубат, 4 сабактан экзамен беребиз. Азыр бизде экзаменге даярдыгыбыз жакшы. Консультацияга келип жатабыз, азыркы учурда биз кыргызстан тарыхтан билет жазып жаткан учубуз. 25 суроо болот бардыгына ийгиликтүү жооп берели деп ниет кылып жатабыз.
-Мен, Турусбеков Азирет, Кара-Суу орто мектебинде 9-классында окуйм. Биз быйыл 4 сабактан экзамен беребиз 1-сабак кыргыз тил, 2-сабак орус тил, 3-сабак алгебра, 4-сабак кыргызстан тарых. Ар бир сабакка 25 суроодон берилиптир, ошол суроолорго биз жооп берип жатабыз. 20160517_133025
-Сөз кезегин бүтүрүүчүлөрдүн биринчи мугалимине берсек.
-Мен, окуткан окуучулар быйыл 11-классты аяктап жатышат, 20150321_113526 эми алардын алдында мамлекеттик экзаменди ийгиликтүү аяктан алса эле жакшы болот. Мен аларга ата-эне катары, биринчи мугалим катары окууларына ийгиликтерди, экзаменди жакшы аяктап, чоң окуу жайларга өтүп, эл керегине жараган жакшы адамдардан болушсун.
-Сиздер Кара Суу орто мектебинин бүтүрүүчү класстарынын алдыда келе жаткан мамлекеттик аттестацияга кандай даярданып жаткандыгы туралуу маалымат алдыңыздар.
Даярдаган:Айдана Кнатова, «Ак кептер» медиа борбору, 17-май 2016-жыл.