“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Үркүн жана жазуучулар.

18 Май 2016 жыл 12:57
Көрүүлөрдүн саны: 503

      Urkun & Jazuuchular

-Кутмандуу күнүңүздөр менен, урматтуу радио угуучулар! Эфирде «Ак кептер» мультимедиаборбору. Сиздер менен Элина Азаркулова. Биз Үркүнгө арналган репортаждарыбызды улантабыз.
-Бул кайгылуу окуя тууралуу жазган кыргыз жазуучулары кандай абалда болушкан? Bayalinov
Кененирээк маалыматты Кара-Суу орто мектебинин мугалими Ажиева Гүлжан эжеден алсак:
Бул көтөрүлүш жөнүндө ар түрдүү бири-бирине карама-каршы пикирлер үстөмдук кылып турган. Кээ бирөөлөр бул көтөрүлүштү кыргыз элинин жалпы орустарга каршы болгон күрөшү катарында түшүнүшкөн. 16-жылдын темасына кайрылышкан жазуучулар өтө кыйын абалга дуушар кылган. «Үркүн» жөнүндө чыгармаларында ошол учурдагы жазуучулар башкы суроого 1916-жылдагы улуттук-боштондук кыймылдын кыймылдаткыч күчү ким болгон, ошол кезде өкүм сүрүп турган эзүүгө каршы күрөштү ким жүргүзө алмак эле жана ким жүргүздү? деген суроолорго чыгармалары аркылуу жооп таба алышкан.
Көтөрүлүшчүлөр жеңилип, падышалык солдаттардын куугунтугу астында коңшулаш Кытайдын жерине кетүүгө аргасыз болушкан. Өз жеринен ажыраган эл адам чыдагыс оорчулукту башынан өткөрдү. Эл тарткан азап-тозок чыгармалары аркылуу бөтөнчө көрсөтүлгөн. Urkunqw
-Бул көтөрүлүш эмне таптык мааниде болгонбу? же кандай деп ойлойсуз?
1916-жылдагы көтөрүлүшкө эки элдин душмандык кармашуусу катарында көрсөтүшкүн буржуазиялык улутчулдарга карама-каршы кыргыз жазуучулары чыгармалары аркылуу көтөрүлүштүн таптык мазмунун ачык ачып жазышкан. Кыргыз жана орус эли эч качан бири-бири менен касташкан эмес. 220px-Yrkyn Тескерисинче, падышанын жана анын солдаттарынын эки элдин ортосуна душмандыктын уругун себүү кылган аракетине карабастан, бири-бири менен достук мамиледе болушкан. Кыргыздын алдыңкы кадамдары Октябрь революциясынан мурда эле эки Россия-падышалык Россия жана орус элинин Россиясы бар экенин ажырата билишкен. 16-2 Улуу Токтогул падышалыктын бетин ачып, орустун жөнөкөй адамдарын, революционерлерин агайын-туугандарым деп атаган. Падышанын колонизатордук саясаты менен эч кандай катышы жок орус эли Орто Азиянын, Кыргызстандын эзилген эмгекчилери менен бирге самодержавиеге каршы активдүү күрөшкөн. 140808174205_kyrgyz_1916_jyl_640x360_bbc_nocredit
-Сиздер эжебиздин 1916-жылкы кыргыз элинин көтөрүлүшү тууралуу кебин уктуңуздар. Тарыхыбызда бул окуяны унутпай эстеп, сактап жүрөлү. Ушуну менен берүүбүздү аяктайбыз сак саламатта калыңыздар.
Даярдаган: Элина Азаркулова, «Ак кептер», 18.05.16.