“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Суу сактагычтагы курч абал.

25 Май 2016 жыл 17:43
Көрүүлөрдүн саны: 143

      Курч абал

-Кутмандуу күнүңүздөр менен, урматтуу угуучулар. Сиздер менен «Ак кептер». Бүгүнкү чыгарылышта Жайыл районундагы Кара-Балта суу сактагычындагы абал тууралуу айтып берели. Май айында жамгыр көп жаады, ошонун кесепетинен суу сактагычка 9-10 куб суу кирип, чыгышы 5-6 эле куб болуп жатат. Бул коркунучтуу абал тууралуу суу сактагычтын көзөмөлдөөчүсү,Жайыл районунун УОС унун кызматкери, Атакеев Зарылбектен кенениреек маалымат алсак: 20160525_075556
— Мен суу сактагычта мураб болуп иштейм. Быйыл жамгырдын көп жааганына байланыштуу көл толуп жатат. Күндөн-күнгө суу көбөйүп жатат. Мындай абал 2002-жылы да болгон. Анда суу сактагычтын капталын ачып, суунун дэңгээлин түшүргөнбүз. 9-10 куб суу келип жатат, чыкканы 5-6 эле куб болуп жатат. Бүгүн экскаватор келет. Көлдүн капталын ачалы деп аракет кылып жатабыз. DSC_0100 Айылга коркунуч деле туудурбайт-ко. Көчөнүн башынан да ачып, Кара-Балта дарыясына бурабыз. 1,5 куб суу кетет ал жак менен. 24-майда суунун келиши азайды эле, бүгүн кайра көп келип жатат. DSC_0072
— Эми сөздү айыл тургундарына берсек:
— 1988-жылы да суу көбөйүп, айылдын тургундарын автобустар менен көчүрүп, Кара-Балта, Ставрополовка айылына барып, балдар бакчасына 3 күн жатып келгенбиз. Айылда кары картаңдар менен жаштар эле калышкан,-дейт айылдын тургуну Гүлжан Ажиева. DSC_0088
— Апрель, май айларында жамгыр нормасынан 2 эсе көп жаап, бүт Кыргызстан боюнча кооптуу абалдар түзүлүп жатат. Кара-Суу айылынын жогорку жагында жайгашкан Кара-Балта суу сактагычы да толуп, суу мелт-калт болуп турат. Мындай абал 1988-жылы да болду эле. Биз көлдү барып, көрүп турабыз. Кечээ барсак суу өтө эле көп экен,-деди айылдын тургуну. DSC_0078
— Сиздер Жайыл районунундагы Кара-Балта Суу сактагычындагы коркунучтуу абал тууралуу маалымат алдыңыздар. Райондун УОС унун кызматкерлери тарабынан иш-чаралар жүргүзүлүп, бул курч абал жоюлат деп ишенебиз. Ушуну менен берүүбүздү аяктайбыз. Сак — саламатта болуңуздар.
Даярдагандар: Медина Сатыбекова, Султаналы Чакчагаев, «Ак кептер», 25.05.2016-жыл.