“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Мектептеги ишенбилик.

15 Июнь 2016 жыл 10:37
Көрүүлөрдүн саны: 76

      Ishenbilik

-Cаламатсыздарбы. Бул чыгарылышта биз сиздерге мектепте өтүп жаткан ишенбилик тууралуу айтып бермекчибиз. Сөздү Кара-Суу орто мектебинин директору Алиева Нургүл эжебизге берсек.
-Бүгүн биздин мектепте ишенбилик жүрүп жатат. Балдар активдүү катышып жатышат. Мектепке атайын көчөттөр берилген. Быйыл биринчи жолу мектептин короосуна елканын 3 көчөтүн тигип жатабыз. Түп алып өсүп кетсе экен деп тилек кылып жатабыз,-дейт эже.
-Сөз кезеги мугалимдерде.
-Бул ишенбиликке мугалимдер, окуучулар жана мектептин башка кызматкерлери да катышып жатышат. Ишенбилик активдүү жүрүп жатат. Ар кандай көчөттөрдү отургузуп жатабыз. Айылды тазалап, көрккө келтирсек жакшы болот эле,-деди Акешова Гүлнара, башталгыч классынын мугалими.
-Окуучуларга да сөз берели алар кандай иштеп жатат болду экен?
-11-класстын окуучулары ишенбиликке активдүү катышып жатышат. Берилген көчөттөрдү тигип койдук. территориябызды тазалап бүтөлү деп калдык, — дейт Нурболот.
-Балдар жакшы иштеп жатышат. Мектебибиздин алдын тазалап, көрккө келтирип жатабыз. Мына быйыл елканын көчөтүн да отургузуп жатабыз. Елкалар түп алып кетсе жакшы болот эле,-деди Элдос Таштанов, 11-класстын окуучусу.
Айыл жеринде мал көп. Мектептин тегерегинде жашаган тургундар уйларын, койлорун мектептин территориясына жайып жиберишет. Мугалимдер тургундарга кайрылышып, малдарын мектептин тегерегине жайбашын дагы бир ирет суранышты. Бирок жыл сайын эле мал жайылып, мектептин короосу булганып жатканы жаткан.
-Сиздер мектептин тегерегин көрктөндүрүү боюнча ишенбилик тууралуу уктуңуздар. Сак саламатта калыңыздар.
Даярдагандар: Данияр кызы Назик, Элина Азаркулова, 27-март, 2016-жыл, «Ак кептер».