“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Айылдагы таштанды көйгөйү.

13 Сентябрь 2016 жыл 10:18
Көрүүлөрдүн саны: 111
      aziret007

-Саламатсыздарбы, урматтуу Кара-Суу айылынын тургундары. Эфирде «Ак кептер» мультимедиа борбору. Сиздер менен  Гүлзада Бейшенбекова жана Азирет Туратбеков.

Бүгүнкү чыгарылышта биз сиздерге Кара-Суу айылындагы таштандылар жөнүндө айтып бермекчибиз. Кененирээк маалыматты Кара-Суу айылынын тургундарынан алсак:

-Мен, Азамат Алиев, айылда таштанты ташыган унаалар жок. Анан кишилер таштандыларды тегерек четине тыштап өрттөп коюшат. Ар бир үйдүн жанында таштанды салган челектер болсо адамдар челектерге салышмак. Айыл өкмөткө айтыш керек. Өзүбүздүн айыл депутаттары менен сүйлөшүп, жок дегенде эки үйдөн бир таштанды салган челектерди койсо жакшы болмок. 20160910_023040  -Мен, Нурсия Болотова «Жылдыз» көчөсүндө жашайм. Биз жакта таштандылар көп ташталган. Эми ошолорду эшигинин жанына чогултуп, өрттөп койсо болот да. Жок баардыгы эле жолдун четине алып барып ыргытып коюшат. Шамал болгондо туш-туш тарапка учат да жердин баарын булгайт. Ошону мен айтар элем, ар ким эшигинин алдындагы, тегерек четиндеги чөп чарларды чогултуп өрттөп койсо менимче жакшы эле тазалык болот эле. 20160910_032633

-Мен, Света Капсаламова. Кара-Суу айылынын  «Жылдыз» көчөсүнүн тургуну болом. Таштандылар жөнүндө эмне деп айтсам болот, ар-бир үйдөн таштанды чыгат бирок, ошол таштандыны ар-бир үй озунун территориясына тиешелүү жерге алып барып өрттөп, тазалап туруш керек. Көчөдөгү таштандыларды айтсам аны болсо ушу бир айыл өкмөтү биз баарыбыз жалпы элди ишембилике чакырып, тазаласак. Таштандыларга атайын бизге контейнерлерди алып келишип берсе жакшы болмок. Бүт бардыгы эле таштандыларын өрттөп тазалай бербейт, бирөө ыргытып кетет, бирөө таштап кетет ошондуктан бир биздин айылга 3-4 контейнер керек, ошол контейнерге 1,2 адам таштаганда баарыбыз таштай баштайбыз анан биздин айыл жергебиз таза болот. 20160910_023323

-Мен, Алиев Жакен. Ошону туура айтасынар таштандыны чуңкурга ташташ керек жолдун жээгине таштабаш керек, баштыка жакшынакай салып тыштап коюш керек. Ит, куш деген көп эртең менен саат 6да келсем чуңкурдун ичинде иттер толтура 4,5 ит, чон иттер. Анан туура оорунун баары жугат мындайдан аны тазалап коюш керек, бир жерге ташташ керек-чуңкурга, ошону айтып эле жатабыз бир жерге таштагыла деп анан көрүнгөн жерге таштап жатышпайбы, алып келет дагы баштык менен ыргытып жиберет,болду анан иттер тытыт ачат, ошон үчүн бир жерге  чуңкурга ташташ керек,тазалык болуш керек. 20160910_031718

-Мен, Молдраимов Каныбек. Айылыбызда таштанды салгыч жер жок карабайт эч ким, Айыл өкмөтү  эмне айылды карабайт, дүкөндүн тегерегинин баардыгы таштанды. Терип койгон киши жок, тигил жактагы дүкөндүкү дагы жатат.

Сиздер айылдын тургундарынын айылдын тазалыгы тууралуу кебин уктуңуздар. «Ак кептер» медиа борборунун атынан айылыбыздын тургундарын тазалыка чакырабыз, айылыбызды таза кармайлы, экологияны сактайлы. 20160830_132331

Даярдагандар: Гүльзада Бейшенбекова, Азирет Туратбеков, 10-сентябрь,2016-жыл, «Ак кептер».