“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Кара-Суу орто мектебиндеги жаңы окуу жылы.

15 Сентябрь 2016 жыл 8:58
Көрүүлөрдүн саны: 240

     

      aziret005

 —Саламатсыздарбы Кара-Суу айылынын тургундары. Эфирде “Ак кептер” мультимедиа борбору, сиздер менен мен Гүлзада Бейшенбекова жана Азирет Туратбеков.

Бүгүнкү чыгарылышта биз сиздерге жаңы окуу жылы тууралу айтып бермекчибиз. Кененирээк маалыматты Кара-Суу орто мектебинин мугалимдеринен алсак. 20160901_091555

-Быйыл окуу жылы жакшы башталды.  Балдардын көбү форма алышты.  Окуучулардын көбү формаларын кийип келип жатышат. 1-сентябрда болуп өткөн линейкада көрдүк, баарында форма бар экен. Ата-энелерге рахмат ушинтип балдарына форма алып берип жатканына. Биздин мектепте окуучулар менен мугалимдердин формасы жаңыдан пайда боло баштады. Мындан ары да ушул нерсени өсүп өркүндөтүп, жыл сайын мугалимдер менен окуучулар форма киет деп ойлойм. Мына ушундай кийинүү маданиятты өсүп өркүндөтөт деп ойлойм ,-деди Султанаалы Чакчагаев. 20160901_093423

-Мен Кара-Суу орто мектебинин мугалими Гүлжан Ажиева. Урматтуу жаш достор жана окуучулар мына дагы бир окуу жылы алдыда. Адаттагыдай эле бул жылда да, силерди билим алуу кубанычы күтүп турат. Силердин бүгүнкү балалыгыңар бактылуу, жарык менен билимге эшик  ачуу үчүн жана ал эшик эч качан жабылбашы үчүн, силердин Ата-бабаңар, энелериңер, эже агаларыңар канын төккөнүн жана чексиз күрөшкөнүн эч убакта эсиңерден чыгарбагыла. Билим алуу ийне менен кудук каскандай деп айтылгандай, окуу силерди ажайып билим дүйнөсүнө жетелейт деген үмүттөбүз. Быйылкы окуу жылынын  башталышындагы ата- энелердин  балдарына болгон камкордугына, башкача  айтканда бирдиктүү мектеп формасы  менен  камсыз кылышты. Жалпы ата-энелерге ыраазычылык билдирмекчимин. Кыскасы ардактуу окуучуларым билим алууга баардык шарттар бар. Билим алгыла, жан дүйнөңөр мол,бай болсун, ак-жол силерге жаш досторум. 20160901_091702

-Мен Гүльмира Жумалиева 3-класстын мугалими. Быйылкы окуу жылында биздин окуучулар мектепке жакшы формалар менен келишти. Окуу жылы жакшы башталды. Жайкы каникулда кээ бир балдар китеп окубай келгендиктен кичине кыйынчылыктар болуп жатат. Мектептен мугалим окутса үйдөн ата-энеси окутушу керек.20160901_091713

-Мен, 2-классынын мугалими Гүлнара Акешова. Баарыңарды 2016-2017-жылкы окуу жылыңар менен куттуктайм. Быйылкы окуу жылында бут мектеп окуучулары жаңы форма менен келишти. Кыргызстанга тиешелүү болгон жаңы форманы  кийишти. Мектепте жакшы өзгөрүү болуп жатат. Балдардын бирдей типтеги форма кийгени мектептин көркүн ачат экен. Балдар сабакка жакшы даярданып келип жатышат. Ата-энелер окуучуларга керектүү болгон бүт окуу куралдары менен камсыз кылып беришти. Калган китептерин мектептен алып жатабыз.

Маегибизди улантабыз, анда эмесе сөз кезегин мектеп окуучуларына сунсак.

-Мен 9-классынын окуучусу Медина Сатыбекова. Быйыл  мектеп формасына өттүк Кара-Суу орто мектеби. Ошол формага өткөнүбүзгө мен абдан кубанычтамын. Мен өзүмдүн формамды Ош базарынан 2500 сомго алдым. Даткайым деген компаниянын формасы экен. Мага өзүмдүн формам абдан жакты.20160901_092622

-Мен Колбаев Бекболот 9-класстын окуучусумун. Мектеп формасын 2000 сомго алдым. Мектеп формасы мага абдан жакты.

-Мен Бейшенбекова Гүлзада Кара-суу айылынын Кара-суу орто мектебинин 9-классында окуйм. Ата-энем мага 2500-сомго жаңы форма алып беришти. Бул жаңы форма мага абдан жакты.dsc_0733

Биз ошентип жаңы окуу жылы менен тааныштык.  Ушуну менен берүүбүздү аяктайбыз. Сак саламатта калыңыздар!  Даярдагандар: Гүлзада Бейшенбекова, Туратбеков Азирет 13.06.16 «Ак кептер» медиа борбору.