“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Кант кызылчасын казуу башталды.

12 Октябрь 2016 жыл 9:41
Көрүүлөрдүн саны: 102

Быйыл Кара-Суу айылында былтыркы жылдарга караганда кант кызылчасы жакшы түшүм берди. Айылдын тургундары кубанууда.img_20161011_153606

Кара-Суу айылында 20 гектардан көп кант кызылчасы себилген.  Айылдын тургундары 1-октябрдан баштап кызылчаларын казып башташкан.

Айылдын тургундары айтышат: Быйыл жаанчыл жыл болгондуктан кант кызылчасынын түшүмү мол болду деп.img_20161011_155240img_20161011_155734

Кененирээк маалыматты айылдын тургундарынан алсак.

-Мен, Мундузбеков Азис. Быйыл мен 1 гектар кызылча септим. Кызылчам жакшы болду. Кызылчаны жаңы казып баштадым. Кызылчанын баасы заводдо 3сом 45 тыйындан экен.

-Мен,Капсаламов Улан. 30 сотук кызылча сепкем. Кызылча жакшы болуп, 11 тонна кызылча алдым. Кызылчаны Кайыңды заводуна өткөрдүм.

-Мен, Мамбеткулова Сонунбүбү. Биз көп жылдан бери жер иштетип келебиз. Быйыл биз 2.5 гектар жүгөрү, 40 сотук кызылча септик. Кызылчанын түшүмү мол болуп 30 тонна кызылча алдык.img_20161011_153604

-Мен, Жунушев Аязбек. Быйыл мен 1.5 гектар кызылча сепкем. Түшүм жакшы болду. Кызылчанын баасы 3 сом 45 тыйын болуп жатат.Эгер заводко өткөрөбүз десеңер. А мындай(наличка) 2 сом 90 тыйындан болуп жатат.

Даярдагандар: Алымбекова Канышай.

11-сентябрь, 2016-жыл, “Ак кептер” мултимедиа борбору. Сак саламатта калыңыздар.

Редактор: Туратбеков Азирет.