“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

КТРК га жана Жогорку Кеңешке «Ак кептердин» ыктыярчыларынын экскурсиясы

3 Ноябрь 2016 жыл 0:17
Көрүүлөрдүн саны: 110

Бүгүн,2-ноябрь күнү,»Ак кептер» мультимедиаборборунун волонтерлору Коомдук телерадио корпорациясына жана Жогорку Кеңешке экскурсияга барып кайтты. Экскурсияны Диана Рахманова уюштурду. dsc_0091 Саат 11-00 до ыктыярчыларды КТРК нын кире беришинен корпорациянын кызматкери dsc_0112Адель Лаишева тосуп алды да, балдарды Кыргызстанда радио жана телевидениенин качан пайда болгону тууралуу кеп кылып берди жана азыркы учурдагы dsc_0115 абалы тууралуу кызыктуу аңгеме-маек куруп берди. Ошондой эле кире бергендеги КТРК нын музейи менен тааныштырып, кандай аппараттар менен кызматкерлердин иштегендерин айтып жана көрсөтүп берди. dsc_0177Андан кийин ыктырчыларды КТРК нын студиялары менен тааныштырып, кызыктуу маек куруп берди. Ыктыярчылар «Замана», «Баластан» студияларында, которуу жана монтаждоочу жайлар менен таанышышты,dsc_0212 которулуп жаткан мультфильм жана кинолорду көрүштү. Экскурсия эң соонун өттү. Балдарга бул иш чара эң чоң таасир калтырды, көп суроолор берилип, баардыгы кызыктуу өттү. dsc_0245
Тамактангандан кийин, ыктыярчылар саат 14-00 до Жогорку Кеңешке барышты. Ал жактан да медиаыктыярчылырды абдан жакшы тосуп алышты. dsc_0258 Биринчи эле алар жыйындар залына барышып, депутаттардын иш жайын көрүштү. dsc_0282Андан кийин парламентин радиостудиясында болушту, dsc_0278журналисттер экскурсанттардан репортаж да алып калышты.dsc_0298
Экскурсиянын убагында Жогорку Кеңештин депутаты «Ата Мекен» dsc_0296 партиясынын лидери Өмүрбек Чиркешевич Текебаев менен жолугушуп, маек курушуп, эстеликке сүрөткө түшүштү.
Парламенттин кызматкерлери ыктыярчыларды эң соонун тосуп алышты. dsc_0266 Чай берип, сыйлап узатышты.
Бүгүнкү экскурсия балдарга чоң таасир калтырды.
Даярдаган: Чакчагаев С.К., «Ак кептер»,02.11.2016.