“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Германияга иш сапар 2

23 Ноябрь 2016 жыл 22:10
Көрүүлөрдүн саны: 58

14-ноябрда Фридрих Эберт фондунда болдук.Бул фонд Германиянын зң биринчи фонддорунун бири экен.Бул фонд өз атын Германиянын биринчи,демократиялык шайлоодо тандалып алынган, президентинин наамына коюлган экен.Фонддун негизги иштеринин бири-Германиядагы жана чет өлкөлөрдөгү демократиялык принциптерди колдоо экен.
Биз фонддун пресс-кызматынын жетекчиси Петер Донайски менен жолуктук. 20161114_105910 Донайски Эберт фондунун пресс-кызматынын иши тууралуу айтып берди. img_1699 img_1697

img_1694
Эберт фондунан чыгып, качкындар медиасына бардык. Бул жерде ар кайсы өлкөлөрдөн келген качкындар иштешет экен. img_1711img_1714 Бул медиаборбордун иши тууралуу ошол жерде иштегендер айтып беришти. Бул жерде материалдар ар кайсы тилде чыгарылат экен. Гранттарды алып иштешет экен.
Саат 16-30 да Германиянын Бундестагына келдик.img_1752 Туристтер көп экен. img_1825img_1776img_1816img_1844img_1863
Биринчи эле депутаттар жыйын өткөрө турган жайда болдук. Андан кийин советтик аскерлердин Рейхстагдын дубалдарына калтырган кол жазмалары менен тааныштык, абдан көп экен. Меркелдин кабинетине кире турган эшикти, Гитлердин «подвалына» кире турган эшикти көрдүк. Акырында Рейхстагдын «куполуна» чыктык. Кечки Берлинди рейхстагдын «куполунан» көрдүк. img_1853 img_1848
Мына ушуну менен экинчи күнүбүз аяктады.

Даярдаган: С.Чакчагаев, «Ак кептер»,23.11.16. Кара-Суу айылы.