“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Германияга иш сапар 3

24 Ноябрь 2016 жыл 23:25
Көрүүлөрдүн саны: 96

15-ноябрь күнү биздин делегация Deutsche Welle нин Берлиндеги имаратында экскурсияда болдук.dsc_0001 Бизди DW нин кызматкери,биздин тааныш, Лидия Ранерт тосуп алды.fb_img_1479338087916 Бул имаратта DW нин студияларын, кызматкерлеринин иштеп жатканын, Германияда, Европада белгилүү диктор айымдын түз эфирге чыгып жатканын көрдук.Бул жерде маалыматтар англис, немис,испан,француз,португал,араб тилдеринде берилет экен.20161115_102935

20161115_103941

20161115_113433

20161115_112448

20161115_103852

20161115_112527 Студияларын жана андагы жабдууларды көрүп таң калдык.20161115_112448 Акырында имараттын үстүнө чыктык да, Берлинди жамгыр жаап жаткан учурда бийик имараттан көрдүк.20161115_112527
DW менен таанышкандан кийин ушул имаратта жайгашкан ALEX BERLIN аттуу чыгармачыл медиа платформа менен тааныштык. Бул медиа өзгөчө контенттерди чыгаруу менен алек экен. Традициялуу программалардан башка бул жерде инновативдүү программаларды даярдашат экен-адамдар өзүлөрүн медиада иштеп көрсөтө алат экен. Алар өзүлөрү даярдаган маалыматтарды сайтка жайгаштыра алат экен жана радио же телеберүүнү даярдап, чыгарышат экен.
Андан кийин түшкү тамак учурунда Лидия Ранерт жана Юрген Линке-федералдык бириккен ачык каналдардын жетекчиси менен тажрыйба алмашуу жана кызматташуу тууралуу маек болду.20161115_151659

20161115_154659

20161115_153452

20161115_155907

20161115_153433
Андан кийин «Берлин дубалы» мемориалында болдук. Берлин дубалы тууралуу маалымат алып,20161115_154659 мемориал жайгашкан жайды кыдырып, тааныштык.20161115_15343320161115_155907
Бул күнү Берлинде жамгыр жаап турду, бирок бул күн дагы кызыктуу өттү.
Мына, ошентип биздин дагы бир күнүбүз аяктады.
Даярдаган: Султаналы Чакчагаев, «Ак кептер», 24.11.16. Кара-Суу айылы.