“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Сасык тумоодон кантип сактаныш керек.

13 Декабрь 2016 жыл 17:04
Көрүүлөрдүн саны: 169

Кара-Суу айылында сасык тумоо менен ооругандардын саны көбөйүп жатат. Сасык тумоо менен ооругандарга дарылануу сунушталат.img_20161212_125005629
Кара-Суу айылынын тургундары эгер сиздер сасык тумоо менен ооруп жатсаңар тез арада айылдык ФАПтарга көрүнү сунушталат.20161019_123435
Мен, Кара-Суу айылынын ФАПынын медсестрасы Венера Турсуналиева. Азыр айылда сасык тумоо оорусу катуу күч алып жатат. Сасык тумоодон сактангыла. Жаңы ооруп баштаганда дененин температурасы көтөрүлөт. Ооруп жатканда дароо ФАПтарга кайрылгыла.img_20161212_124511388 Оорусаңар уйдө отура бербей ФАПка келип даарылангыла. Сасык тумоо азыр ар кандай болуп кармайт, баштан, тамактан, кулактан кармайт. Ушулардын бири болсо мага келип даарыланып кеткиле, күчөп кете электе. Сасык тумоодон сактангыла, ден солукта болгула,- деди ал.img_20161212_124903440
Сиздер сасык тумоодон кантип сактануу тууралу маалымат алдыныздар. Баарыңарга айтарым сасык тумоодон сактангыла, оорубагыла. Кандайдыр бир оорулар болсо тез арада ФАПтарга көрүнгүлө болбосо күчөп кетсе даарылануу кыйын болуп калат. Биз ушуну менен берүүбүз соңуна чыкты. Көрүшкөнчө сак саламатта калыңыздар!
Даярдаган: Бекзат Урманбетов.
Редактор: Азирет Туратбеков.
Сынак үчүн.