“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Жамааттык медиакаражаттарынын жыйынтык конференциясы.

18 Декабрь 2016 жыл 22:05
Көрүүлөрдүн саны: 78

17-18- декабрда Бишкекте Кыргызстандын жамааттык медиакаражаттарынын жылдык жыйынтык конференциясы болуп өттү.Бул иш чара Дойче Велле жана Жамааттык медиакаражаттар ассоциациясы тарабынан уюштурулду.20161218_160450
Конференцияда 1-күнү «Фандрайзинг деген эмне?» деген темада тренинг-семинар өттү. 20161217_093159Аны Алмаз Тажыбай алып барды.Жамааттык медиаларга кантип каражат табуу жолдорун үйрөттү.Семинар абдан кызыктуу өттү.
18-декабрда ар кандай презентациялар өткөрүлдү. Айзаада Калканбекова Америкага болгон иш сапары тууралуу,20161218_105220 Гүлбарчын — «Тун-ук» медиаборбору Украинага болгон иш сапары,Султаналы Чакчагаев,Назира Жусупова,20161118_095715Муратбек Жумакадыров жана Гүлбарчын Мамытбекова Германияга болгон иш сапарлары тууралуу эң сонун кылып айтып,көрсөтүп беришти.
Аягында «МЫКТЫ ЖМБ» конкурсунун жеңүүчүлөрү сыйланышты.1-орун — Чинтамани,2-орун-Суусамыр, 3-орун-«Тун-ук» жана Барскоон болду.20161218_174109
Сыйлыкты Дойче Велленин өкүлү Лидия Ранерт тапшырып,жеңүүчүлөрдү куттуктады.
Даярдаган:Чакчагаев С.К.,»Ак кептер»,Кара-Суу айылы,18.12.2016-ж.