“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Чүйдө жаңы жамааттык медиаборбор ачылды.

30 Декабрь 2016 жыл 18:12
Көрүүлөрдүн саны: 86

-Саламатсыздарбы! «Ак кептердин» атынан баардыгыңыздарды келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен куттуктайбыз. 20161230_101441Бул чыгарылышта биз сиздерге Чүй областынын Жайыл районунун Ставрополовка айылында «Ак кептер» жамааттык медиаборборунун филиалы ачылгандыгы тууралуу айтып беребиз.20161115_113433
Сөздү «Ак кептердин» координатору Чакчагаев Султаналы Курманалиевичке сунсак.
-Ставрополовка айылы биздин Кара-Суу айыл аймагынын экинчи айылы. Бул айылга жамааттык медиаборбор ачуу ишинде «Ак кептердин» ыктыярчыларынын салымы өтө чоң болду.20161230_110704 Анткени алар бул медиаборборду өзүлөрү долбоор жазып, Клооп колдоп, утуп алышты. Долбоор боюнча филиалга 79500 сомго медиажабдыктар сатылып берилди. 20161230_102743
-Бүгүн волонтерлор менен бирге барып, жабдыктарды тапшырып келдик. 20160519_151045Эми Ставрополовка айылында да ЖМБ иштей баштайт. Борбордун жетекчиси болуп, Ставрополовка айылынын тургуну Марусич Татьяна дайындалды. 20161230_103008Ал киши — башталгыч класстардын мугалими болуп, мектепте иштейт. Биздин айыл өкмөттүн эки айылында тең мультимедиаборбор иштеп, айыл тургундарынын көйгөйлөрү, жетишкендитери тууралуу маалымат берилип турат.DSC_0571
Бул медиаборбор Ставрополовка айылынын тургундары үчүн Жаңы жылдык белек сыяктуу эле болуп калды. Борбордун волонтерлорун «Ак кептердин» ыктыярчылары окутат, үйрөтөт, буюрса каникулдан кийин алардын маалыматтары менен тааныша алабыз.
Даярдаган: Алымбекова Канышай, «Ак кептер», 30.12.16., Кара-Суу айылы, Жайыл району, Чүй.
Редактор: Азирет Туратбеков.
Сынак үчүн.