“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Мектеп окуучулары кышкы эс алууну кантип өткөрөт?

2 Январь 2017 жыл 17:48
Көрүүлөрдүн саны: 140

Кара-Суу орто мектебинин төмөнкү классынын окуучулары кышкы эс алууну чана тебип жана башка ар кандай оюндарды ойноп өткөрүшөт.img_20170102_152425438
Кененирээк маалыматты мектеп окуучуларынан алсак.
Мен, Жандос Таштанов. Кышкы эс алууну ар кандай түрдө өткөрөм. Кышында көбүнчө чанага эшекти чегип алып көчөдө балдар менен муз тебип өткөрөм. Кебирде балдар менен ат минип алып улак тартып ойнойбуз.img_20170102_152335646
Мен, Ырыскелди Калманов. Кышкы эс алууну чана тебип өткөрөм. Кышкы эс алуу мага абдан жагат. Анткени мен балдар менен чогулуп алып эшекке чана чегип алып күн өткөрөм.img_20170102_130143934
Мен, Элнур Мамбетов. Кышында мен эс алууну туугандарымдыкына барып өткөрөм. Үйдө болуп калган кезде эшикке чыгып малдарга чөп, суу берем. Бош убактымда көчөгө чыгып балдар менен картычка ойнойм.
Мектеп окуучулары кышкы эс алууну муз тебип, улак тартып, футбол ойноп жана башка нерселер менен өткөрүшөт. Окуучулар кышкы эс алуусун эстен кеткис кылып өткөрүшөт экен.img_20170102_152438184
Биз ушуну менен берүүбүздү аяктайбыз сак саламатта калыңыздар.
Даярдаган: Элзат Джумабаев. “Ак кептер” Кара-Суу.
Редактор: Азирет Туратбеков.
Сынак үчүн.