“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Ставрополовка айылында тренинг өттү.

13 Январь 2017 жыл 14:40
Көрүүлөрдүн саны: 66

Кара-Суу айылынын ыктыярчылары Ставрополовкага барып, кызыгып келген окуучуларга тренинг өтүштү.
Мен, Нуржибек Кубанычбек кызы. Мен 15 жаштамын Ставрополовка айылынын 9-классында окуйм.20170113_135013 Журналистика окуусуна кызыгып жана жаңылыктардан артта калбай, мен
дагы кызыктуу маалыматтарды эл менен бөлүшүп, үйрөнгөнү келдим. Медиа центр ачылганы жакшы болду. Кызыккан окуучулар келип, кызыктуу окуяларын айтып биз менен бөлүшө алышат.20170113_125736
Мен, Александра Коломейцова. Ставрополовка айылында жашайм, 14 жаштамын, 9-класста окуйм. Мен журналистика сабагына кызыгып катышканы келдим. Анткени бул мага кызык жана келечекте керек болот деп ойлойм. Жаңылыктар кандай жазылары мага кызык.
Мен, Анастасия Фисенко. Ставрополовка айылында жашайм, 14 жаштамын, тренингге келгенимдин себеби буга чейин мындай окууларга катышып көргөн эмесмин, бирок кызыктуу болот деп ойлойм.20170113_145248
Ушуну менен берүүбүздү аяктайбыз. “Ак кептер” медиа борборунун атынан Ставрополовкада ачылган филиалына чоң-чоң ийгиликтерди каалайбыз.
Сак саламатта калыңыздар.
Даярдагандар: Нуржибек Кубанычбек кызы, Анастасия Фисенко, Александра Коломейцова, Элина Азаркулова
Редактор: Гүльзада Бейшенбекова
Сынак үчүн.