“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Митаамдар.

26 Январь 2017 жыл 13:32
Көрүүлөрдүн саны: 90

      МитаамдарМП3

-Саламатсыздарбы, урматтуу айылдаштар. Сиздер менен «Ак кептер».20150321_112911
Бул чыгарылышта биз сиздерге айылыбызда болуп өткөн окуя тууралуу баяндап бермекчибиз. 22-январда Айылыбызга жеңил машина менен үч келин келип, кыргыз элинин каада салттарын өнүктрүп, өстүрүп жатабыз деп, бир топ колунда бар үй-бүлөөлөрдөн алдамчылык жол менен акча топтоп кетишкен. Алар алдын ала ким жакшы жашаарын билип алып,үйлөрүнө барып, боз үйдүн сувенир-белегин беришип, батаа айтымыш болуп, акча үмтөтүшкөн.20150922_092059
Биздин билишибизче жана биз жолуккан айылдаштардын алты үй-бүлөөсүнүн ар биринен миң, эки миң сомдон акча алышкан. Жада калса кемпирлердин берген жумурткаларын да алышыптыр.
-Тургундардын айтуусу боюнча үч кыз-келин тең абдан жакшы кийинишкен,сымбаттуу немелер экен.
-Айылдын тургундары өзүлөрү ким жакшы жашайт, кимде акча болушу мүмкүн, баарын тең төкпөй-чачпай митаамдарга айтып беришкен экен.20150321_125932
Мына, ошентип алдамчылар кыргыздардын меймандостугунан пайдаланып, айылдарды кыдырып, элди алдап, акча топтоп жүрүшөт.
-«Ак кептердин» атынан айылыңарга келген бөтөн кишилерден сак болгула демекчибиз, келген кишилерге айыл тургундары, айыл турмушу тууралуу байкап сүйлөгүлө.
Сак саламатта калыңыздар.

Даярдагандар: Азаркулова Элина, 26.01.17.,»Ак кептер», Кара-Суу айылы.