“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Жайыттарды жана мал чарбасын жакшыртуу долбоору

3 Февраль 2017 жыл 21:49
Көрүүлөрдүн саны: 78

      Dolboor
Жайыл районуна караштуу Кара-Суу айылында жайыттарды жана мал чарбасын жакшыртуу долбоору боюнча чогулуш өттү. Бул долбоор Чүй облусу менен Талас облусун камтыйт.IMG_20170203_130637
Мен, Молдобеков Элизар Эсенбекович. Кара-Суу айылдык кеңештин депутаты болом. Бүгүнкү биздин чогулуш кылганыбыздын себеби — Кара-Суу айыл аймагында жайыттарды жана мал чарбасын жакшыртуу долбоору боюнча. Бул чогулуштун эң биринчи максаты — жайыттар боюнча көйгөйлүү болгон маселелерге жардам берүү. Башкача айтканда Дүйнөлүк банк тарабынан 15, 000, 000 АКШ $ бөлүнүп жатат. Бул долбоорду Чүй облусу менен Талас облусу камтыйт.IMG_20170203_130740 Чүй облусунан 103 айылдык аймак кирген. Талас облусу боюнча 37 айылдык аймак кирди. Орточо эсеп менен долбоорго бүгүнкү күндө Кара-Суу айылдык аймакка 25,600 $дын тегерегинде акча бөлүнгөн жатат. Эми кудай буйруса ушуну келечекте жакшылап өздөштүрүп, жакшылап ушул акчадан колдонуп, элге бүгүнкү эртеңки күнүнө эмес, жакынкы 100 жылдыкка биздин балдарга неберелерге, чөбөрөлөргө керектүү бир жакшы иш-чараны өткөрүп алсак деген жакшы үмүттө турабыз.IMG_20170203_130620
Бул долбоорду мындан ары өнүктүрүш үчүн эмне керек?
Буга эң биринчиден элдин салымы, катышуусу керек. Элдин салымы бул долбоордо-5% акчалай, ал эми 20% жумуш түрүндө же кандайдыр бир материал түрүндө жана техникалык жардам көрсөтсө болот. Ал эми 75%ды долбоор колдойт. Бул акчанын баары тең бүгүнкү күндө долбоордуку деп саналганы менен, Кыргыз Өкмөтү мойнуна алып жатат. Демек ошол 15, 000, 000$дын, 8, 250, 000миң $ өкмөт үчүн кредит, ал эми 6, 750, 000миң $ бул грант.IMG_20170203_152346
Кредит деген эми кандай?
Бул эми кредит десе аны эртеңки күнү эл төлөбөйт. Аны 36 жылдын ичинде Кыргыз Өкмөтү Дүйнөлүк банкка төлөп берет. Анын демек 0,75 %ы абдан эле аз. Демек бүгүнкү күндөгү, башында айтылып кеткен чогулуштун максаты айылдык аймактын же бул чогулуш Кара-Сууда өтүп жаткандан кийин Кара-Суу айылынын тегерегиндеги жайытарга тиешелүү болгон маселелерди көтөрүү. Бүгүнкү күндө бул актуалдуу. Айылдын эли-жайыт пайдалануучулар. Жайытка мал чыгарган адамдардын баары жайыт пайдалануучулардын катарына кирет. Демек, жайыт пайдалануучулар ушул көйгөйдү жакшы билишет.IMG_20170203_130707 Анан ушул элден көйгөйлөрдү чыгаралы деген максатта келдик. Эми буйруса жакынкы күндө да чогулуш уюштурабыз. Кара-Суу боюнча бул көйгөй биринчи орунга чыкты. Эл колдосо биз келечекте ошол көйгөйдүн үстүндө иштеп, ошол көйгөйдүн үстүндө иш алпаруу биздин максатыбыз. Ушул долбоорду ишке ашырууда жаштардын салымы аябай активдүү болот деп, мен Кара-Суунун кулуну катары абдан чоң ишеничтемин. Колдон келишинче келечекте өзүмдүн Кара-Суу айылыма, жериме, өзүм кызмат кылсам деген алдыма койгон максаттарым бар. Ушунун баарын ишке ашырабыз деген ойдомун,-деди ал!
Даярдаган: Элзат Джумабаев.
Редактор: Азирет Туратбеков.
Сынак үчүн!