“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

«Ак кептер» жамааттык мультимедаборборуна- төрт жыл.

4 Февраль 2017 жыл 21:00
Көрүүлөрдүн саны: 38
      Akkepter 4 jyl

Саламатсыздарбы!
2013-жылдын 7-февралында биздин айылда, ЮНЕСКО, Клооп жана Кара-Суу айыл аймагынын кызматташтыгы аркылуу, жамааттык мултимедиаборбор ачылган эле. Андан бери төрт жыл өтүп кетиптир.20170204_145748
Кара-Суу айылында ачылган жамааттык мултимедиаборбор республикабыздагы алгачкылардан эле. Азыр болсо Кыргыз мамалекетинде 28 жамааттык медиаборборлор иштеп жатат. Бул борборлор республикабыздын ар кайсы региондорунан орун алган. Негизинен, баардыгы алыскы райондордо жайгашкан.
2013-жылдын 7-февралынан бери “Ак кептер” деп атап алган жамааттык
20161229_172526 мултимедиаборбордо координатор болуп иштеп келе жатам. Биздин ишке айлык акы төлөнбөйт. Медиаборбордо иштеш кызыктуу болгондуктан, жетектеп келе жатам. Дагы бир себеп – алгачкылардан болуп айылга , 2003 – жылы МерсиКодон айылга эки компьютер утуп келдим эле. Андай компьютерлер райондо чанда жерлерде бар эле. Компьютерде иштегенди улуу баламдан үйрөнгөм. Ал КМУда информатикалык системалар жагында окуган. Анан окуучуларды үйрөтө баштадым. Ар кандай оюндарды үйрөттүм, печаттап, принтерден чыгарганды ж.б. майда барат нерселерди үйрөттүм. Ошентип балдар да кызыга башташты. Убакыт өтүп, мектепке компьютерлер да келе баштады, смартфон,айфон дегендер көбөйдү, ар бир үй-бүлөөдө мобилдик телефон пайда болду.
2013-жылдын февраль айында Кара-Суу айыл өкмөтүнүн төрайымы Жээнбаева Насипа Елибаевна20130220_100936
“Бизде бир долбоор ишке ашып, жамааттык медиаборбор ачылган жатат, ошол борборду жетектеп бербейсизби”,- деп кайрылды. Мына ошондон бери биздин айылдагы жамааттык медиаборборду жетектеп келе жатам.
Борборубузда ыктыярчылар иштешет. Бишкеке барып, Клооп уюштурган тренингдерге катышып, журналистиканын негиздерин уйрөндүк, интервью алганды, монтаж жасоону, аудиорепортаж жасап сайтка жибергенди ж.б. көп нерселерди окууларга катышып үйрөндүк. Дагы эле окууларга, тренингдерге катышып, жаңы нерселерди үйрөнүп келе жатабыз. Биринчи жылдары ар кандай конкурстарга катышып, ийгиликтерди жараттык. Мисалы: “Окуучулардын тамактануусу” боюнча темада репортаж менен конкурска катышып, биринчи орунга ээ болуп, планшет менен сыйланганбыз. Аны бизге ООН дун Кыргызстандагы өкүлү Аванесов А. өзү тапшырган.20130219_115157
Биздин медиаборбордун төрт жылдан бери иштеп келе жаткандыгында Клооптун салымы өтө чоң, анткени биз алар менен тыгыз байланышта иштеп келе жатабыз.
Клооптун жардамы менен минидолбоорлорду жазып, үч проектибиз алар аркылуу колдонуп,20170203_143140
биз “Маалымат бюллетени”, “Ставрополовка айылында “Ак кептердин” филиалын ачуу” жана “Айылдагы жаштардын көйгөйлөрү тууралуу документалдуу фильм тартуу” аттуу үч долбоордун ар бирине бизге ү ч миң доллар суммасына ар кандай жабдуулар сатылып берилди. Алардлын баары азыр иштеп жатат. Ставрополовка айылында Кыргызстандагы 28-медиаборбор иштеп баштады. Биздин волонтерлор аларды окутуп жатышат. Биринчи аудио жана башка репортаждары чыга баштады. Рупор орнотулуп, “Ставропол” айылында филиалдын волонтерлору чыгарган жаңылыктар бериле башталды. Филиалдын жетекчиси болуп, “Ставропол” орто мектебинин мугалими Марусич Татьяна Михайловна тандалып алынды.<img src="http://akkeptermedia.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/9/2017/02/20170203_143140.jpg" alt="20170203_143140" width="2048" height="1536" class="alignnone size-full wp-image-1523"
Дагы бир ийгилик — ассоциация тарабынан жакшы иштеген ЖМБ деп тандалып, Германияга Кыргызстандын ЖМБ ларынын делегациясы менен маалымат алуу иш-сапарына "Ак кептердин"координатору катары барып кайттым.20161113_161138
Мына, ошентип, биздин жамааттык медиаборбор төрт жылдан бери айылыбыздын, Кара-Суу айыл аймагынын өсүп-өнүгүшүнө аз да болсо өз салымын кошуп, иштеп келе жатат.

Даярдаган: Чакчагаев С.К., “Ак кептер”, 5-февраль, 2017-жыл, Кара-Суу айылы.