“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Мектеп окуучулары бош убактыларын кантип өткөрүшөт

11 Март 2017 жыл 18:53
Көрүүлөрдүн саны: 41

Кара-Суу орто мектебинин 1-4-классынын окуучулары мектептен кийинки бош убактысын ар кандай оюндарды ойноп жана ата-энесине жардам берип күн өткөрүшөт.

Exif_JPEG_420

Exif_JPEG_420

Мен, Тытыев Эржан, 2-класста окуйм. Мен мектептен үйгө келгенден кийин, чай ичем, анан эшикке чыгып атама жардам берип мал сушарышам. Анан малды жайлап коюп, көчөгө чыгып досторум менен футбол ойнойм. Футбол ойноп бүткөндөн кийин үйгө барып сабак окуйм.
Мен, Мамбетова Элина, 3-класста окуйм. Мектептен үйгө келгенде сабагымды жазып, үй жыйнап анан эшикке чыгам. Эшикке чыгып курбу кыздарым менен ойноп бош убактымды өткөрөм.
Exif_JPEG_420

Exif_JPEG_420


Мен, Уланов Эржан, 4-класста окуйм. Мен, бош убактымды ар кандай оюндарды ойноп өткөрөм. Көбүнчө балдардын баары кечки маал чогулушуп фудбол өйношот. Анан мендагы барып футбол ойнойм кечке чейин. Кечинде үйгө келгенден кийин жуунуп сабак жазып, тамак ичип уктап калам.
Мен, Мамбеталиева Нурпери, 3-класста окуйм. Мен мектептен келип чай ичем, сабак окуйм. Анан эшикке чыгып кыздар менен ар кандай оюндарды ойнойбуз. Мен бош убагымды көбүнчө ойноп өткөрөм.
Exif_JPEG_420

Exif_JPEG_420


Мен, Рыспеков Аманкелди, 4-класста окуйм. Мен бош убактымды мектептен келгенден кийин көчөгө чыгып балдар менен футбол ойнойм. Кебирде футбол ойнобой калам. Атама жардам берип, мал карашам.
Мен, Таштонова Элнара. Мен бош убактымды китеп окуп, ойноп өткөрөм, бөбөгүмдү карайм. Биз кыздар-балдар болуп жашынбак ойнойбуз, курчактар менен ойнойбуз.
Мен, Исмаилов Арсен, 4-класста окуйм. Мен бош убактымды футбол ойноп өткөрөм. Күн сайын бошогондо көчөгө чыгып классташ балдарым менен ар кандай оюндарды ойноп жүрө беребиз.
Exif_JPEG_420

Exif_JPEG_420

Мына ушинтип мектеп окуучулары бош убактыларын өткөрүшөт.

Даярдаган: Элзат Джумабаев.
Тренер: Азирет Туратбеков.
Сынак үчүн.