“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Таза суу көйгөйү

12 Март 2017 жыл 20:01
Көрүүлөрдүн саны: 82

Кара-Суу айылынын Жылдыз көчөсүндө көп жылдан бери таза суу көйгөйү чечилбей келген. Ошол көйгөй чечилип, Жылдыз көчөсү таза суу менен камсыз болот.

Exif_JPEG_420

Exif_JPEG_420


Жылдыз көчөсүнүн тургундары трактор айдатып келишти, суу түтүктөрүн орнотууга жер казылып жатат.
Бул тууралу Кара-Суу айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаты Үсөнканов Бейшенбек менен маек курдук.
Exif_JPEG_420

Exif_JPEG_420


Мен, Үсөнканов Бейшенбек, Кара-Суу айылынын тургунумун, жергиликтүү кеңештин депутаты болом. Ушул таза суу көйгөйү көп жылдан бери чечилбей келген. Ушул маселени Жылдыз көчөсүнүн тургундары чогулуп чечтик. Мурунку эски түтүктөр эскирип чирип калган. Анан биз трактор жалдап келип жер кастырып жатабыз. Буга 1-метр жерди 50-сомдон казат экен. Анан баарын эсептеп чыксак 27 000 сом болот 500 метр жерге. Айыл өкмөтүнөн каражат сурап алдык. Калган жетпей калган каражатты Жылдыз көчөсүнүн тургундары чогултушту. Көп жылдан бери чечилбей келген маселебиз чечилди буйруса. Ушул жерге суу келсе бала-бакырабыска жашшы болот. Бак тигейин десең жайында суунун жоктугунан куурап калат. Эми суу бар баарыбызка жакшы болот.
Exif_JPEG_420

Exif_JPEG_420


Мен, Алыкулова Алмакан, Кара-Суу айылынын Жылдыз көчөсүнүн тургуну болом. Ушу суу көйгөйүбүз көп жылдан бери чечилбей келген. Эми ушул чечилгенине кубанып жатабыз баарыбыз. Баарыбыз бир кудуктан суу алып ишчүбүз, малдагы ишчү. Балдар трактор жалдап келип жер кастырып жатат. Ар бир үй-бүлө 1400 сомдон чыгарып тракторго төлөдүк. Жерди казып бүтөөр менен суу түтүктөрү коюлуп, суу ичип калабыз.

Мен, Кумбашев Шамбет, Кара-Суу айылынын Жылдыз көчөсүнүн тургуну болом. Буйруса биздин суу маселебиз чечилди. Биздин мурунку эски түтүктөрүбүз жарактан чыгып калган. Бизде жыл сайын түтүктөр эскирип жарылып жатат. Анан биз ушул көйгөйдү чечкенге аракет кылып, көп жылдан бери чечилбей келген көйгөйүбүз чечилди. Жылдыз көчөнүн тургундары менин үйүмдүн жанына кудук чыгарып суу алып турушчу, ал жерден малда суугарылчу. Эми көйгөйүбүз чечилип калды. Трактор жалдап келип жер кастырып жатабыз. Ар бир үй-бүлө 1400 сомдон акча төлөдүк трактористке. Буйруса казып бүтсө бир айдын ичинде Жылдыз көчөсүнүн тургундарынын баары суу менен камсыз болушат.

Exif_JPEG_420

Exif_JPEG_420

Мен, Мамбеткулов Уран, Жылдыз көчөсүнүн тургунумун. Биз көп жылдан бери бир кудуктан суу ичип келгенбиз. Үйгө суу чыгарайын десек жайында кудуктан суу акпай калат. Анткени түтүктөр ичке жанан эскирип калгандыктан суу жакшы келбечи. Анан ушул көйгөйдү көтөрүп чыктык. Өзүбүз эле 1400 сомдон акча чогултуп трактор жалдап келип жер кастырып жатабыз. Буйруса казып бүтсө ар бир үй таза суу менен камсыз болот.

Exif_JPEG_420

Exif_JPEG_420


Жылдыз көчөсүнүн тургундары буга чейин суу чыгарышкан эмес. Анткени суу жайында акпай калчу ошондуктан суу чыгарган эмес. Бул көчөдө ар бир он үйдө бир кудуктан болчу. Түтүктөр көп жыл мурун салынгандыктан эскирип калган. Эми ушул көйгөй чечилип, Жылдыз көчөсүндө жалпысан 40 үйбүлө таза суу менен бир айдын ичинде камсыз болушат.

Даярдаган: Элзат Джумабаев
Тренер: Азирет Туратбеков
Сынак үчүн.