“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Жаш акын

17 Март 2017 жыл 11:59
Көрүүлөрдүн саны: 79

      ZHash-akyn
Кара-Суу айылынын тургуну 2 жылдан бери ыр жазып, комуз менен ырдап келет. Жаш акындын эң жакшы ырларынын бири “Тил-Мурас”.
Exif_JPEG_420

Exif_JPEG_420


Акын 2 жылдын ичинде ар кандай ырларды жазып келген. Жакшы ырларынын бири “Тил-Мурас”деген ыр. Ал бул ырын комуз менен ырдап келет. Кара-Суу айылынын тургуну, жаш акын Ишенбек уулу Ырыскелди менен маек курдук.
Мен, Ишенбек уулу Ырыскелди, Кара-Суунун кулуну болом. Кара-Суу орто мектебинин 10-классында окуйм. Эки жылдан бери комуз менен ыр ырдап келүүдөмүн. Өзүмдүн анча-мынча жазган ырларым бар. Ошол ырларымдын бири “Тил-Мурас”деген ырым. Ошол ырды сиздерге аткарып берейин!
“Тил-Мурас”.
Exif_JPEG_420

Exif_JPEG_420


Манастан калган маанилүү
Айтайын кыргыз тилимди
Залкарлардын баарынан
Атагы көккө билинди
А бирок азыр жаштарга
Ар кайсы тилдер илинди
Пайдасын көрбөй сүйлөсө
Араңдап кармайм жинимди
Эне тилде сүйлө деп
Ээрчитем далай инимди
Башка тилди үйрөн деп
Кыйнап жатат кимиңди
Нечен тилди билсең да
“Не забудь” эне тилиңди!

Ошол сен үйрөнгөн тилиңди
Ардактаган эли бар
Сан кылымда жоготкон.
Азыркынын заманы
Акча менен жамады
Акчасы бар адамдар
Алсыздарды камады
Уялбай туруп жегендин
Таттуу экен тамагы
Билинбей калды таптакыр
Адамбы же арамбы
Баткака башты матырды
Батыштын сасык арагы
Карапайым калкымдын
Калбай калды амалы
Эчкимге элим ишенбей
Бир кудайды карады
Баарына башы ооруган
Балаңдын чыкты жамагы.

Exif_JPEG_420

Exif_JPEG_420


Жак акынга ийгиликтерди каалайбыз! Сак саламатта калыңыздар.
Даярдаган: Элзат Джумабаев.
Тренер: Азирет Туратбеков.
Сынак үчүн.