“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Ашкана көйгөйү

20 Март 2017 жыл 11:49
Көрүүлөрдүн саны: 79

Жайыл районунун Кара-Суу орто мектебинин ашканасы көп жылдан бери оңдолбой келет. Анан ушул көйгөйдү чечүүгө долбоор жазылып, долбоор чечилип мектепке жаңы ашкана салынат20170320_112836.
Долбоорду чечкенге айылдын тургундары чогулуп бир келишимге келишип, мектептин ашканасын жакшыртуу деп чечишкен. Бул тууралу ашкананы жакшыртуу боюнча долбоор жазган Каралаева Марипа менен маек курдук.IMG_20170207_151842_1
Мен, Каралаева Марипа. Жайыл районунун Кара-Суу орто мектебинин мугалими болуп иштейм. Иштеп келе жаткан өмүр жолумдун ичинде, 2004-жылдан бери, бир нече жолу долбоорлорду жазганмын. Быйылкы жылы Швейцариянын каржылоосундагы чакан гранттар програмасын, элдердин үнү жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жоопкерчилиги, бюджеттик процесс долбооруна катышып. Биздин мектептин ашканасын оңдоого аракет кылып жатабыз.20170314_131738 Бул долбоорду колдоо үчүн биздин айылда эки жолу чогулуш болду. Биринчи чогулушта биздин айылдагы көйгөйлөр жөндө сүйлөштүк. Ошол көйгөйлөрдүн ичинен артыкчылыгы деп ашкананы чечкенбиз. Кайрадан ушул долбоорду талкулоо үчүн экинчи жолу жалаң жаштар чогулуп бул долбоорду ишке ашыруу биздин айылыбыздын келечеги. Эң оорчундуу нерсе деп белгилешти. Долбоордун өздүк салымына болгон каражатты табыш үчүн, ар бир түтүн 500-сомдон акча чогулталы деп бир келишимге келдик. Ал акчаны биз 21-22-мартта чогултуп долбоорду кечиктирбестен, ал үчүн бардыгыбыз ынтымакта болушубуз керек.20170320_113938 Баардыгыбыз үчүн бул ашкана керек, баардыгыбыз пайдаланабыз. Ашкана бул биздин балдарыбыздын ден соолугуна керектүү нерсе. Эгерде балдар сапаттуу тамак ичип турушса, алардын ден-соолугу чын болот. Ден-соолугу чын балдар, биздин айылыбыздын келечеги деп эсептейбиз,-деди ал.
Даярдаган: Элзат Джумабаев.
Тренер: Азирет Туратбеков.
Сынак үчүн.