“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Кара-Суунун тургуну айылга үч жүз түп алма көчөттөрүн отургузду.

5 Апрель 2017 жыл 15:18
Көрүүлөрдүн саны: 102

45 жаштагы Кара-Суу айылынын тургуну Медербек Жекшеналиев өзүнүн айылына 300 түп алма — бактарынын көчөтүн алып келди. Ал айтат:” Кичинекейимен бери эле айылдын башына бак тигүүнү ойлоп жүрчүмүн, мал жайган кишилер бактын көлөкөсүндө отурса кандай жакшы болоор эле деп, кыялданчымын.”

“Мен мал жайып жүргөндөр бактын көлөкөсүндө отуруп алып, алма жеп олтурса кандай жакшы болоор эле деп бала кезимде ойлончу элем. Тигилген алма-бактар мөмө байлап,кудай буйруса, неберелерим ойноп барып, алма терип келишсе соонун эле болот эле”, — деди ал.IMG_20170414_195849_81
“Мен атайын барып, Москва районунан, питомниктен, бул көчөттөрдү алып келдим. Жакшы алманын сорттору: апорт, лимонка, превосходный,ошондой эле өрүк, алчалар да бар ”, — деди Медербек Джекшеналиев.
Ал айтат: “Жалаң жемиштүү бактарды тиктим анткени, айылдын тургундары ушул жемиш бактарынан келечекте өздөрүнө, кышкыга варенье да жасашса деп ойлодум.”
Кичинекей кезиндеги тилегин аткарганга Медербекке айыл тургундары чогулуп жардам берип жатышат.20170406_072517
Чакчагаев Султанаалы: ”Медербекти колдойм,жакшы иш кылып жатыптыр. Алма-бак тигүү – бул айылдын экологиясын сактоонун, коргоонун эң соонун чечими. Анан минтип, бала кезинде ойлоп жүргөн кыялдарын ишке ашыруу-бул эң жакшы нерсе. ” 20170406_072306
“Бул көчөттөрдү айылдын өйдө жагында кубка бар. Ошол кубкадан баштап, айылдын башына чейин тигем ,- деп жатат Медербек , буга бүгүн айылдын тургундары жардам берип жатышат”.
“Медиаборбор аркылуу кулактандыру бердик, буйруса, бүгүн көчөттөрдү отургузуп бүтөбүз ”, — деди ал.
“Ак кептер” медиаборборунун атынан Медербек Жекшеналиевдин үй-бүлөөсүнө ден соолук, ийгиликтерди каалайбыз.
Отургузулган көчөттөрдү карап,сактап, көзөмөл салып туралы урматтуу, кара-суулуктар!!! Өнүп, өсүп кетсин.
Даярдаган: Кутман Джекшеналиев, Алишер Болотов.
Тренер: Гүлзада Бейшенбекова.
Сынак үчүн.