“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Аккан суу көйгөйү

12 Апрель 2017 жыл 15:10
Көрүүлөрдүн саны: 70

Ставрополовка айылында көчөлөрдүн ичинде каналдар жарактан чыгып, айыл тургундары короолорундагы жашылчаларын кудук менен сугарып келишет. 20170414_134923Бул туралуу айыл тургундары көп жылдан бери арызданып келишет.

Бул тууралу Ставрополовка айылынын тургундары менен маек курдук.

Алима Адибекова Ставрополовка айылынын тургуну. Ал өзүнүн үйүнүн жанында 10 сотуктай жери бар. Ал ал жерге жыл сайын жашылчаларды эгип келет. Анан ушул көчөлөрдө каналдарда суу жок болгондуктан ал жашылчаларын кудук менен сугарып келет.20170414_134802
“Эми жегенге жер жемиш экпесең да болбойт. Ошондуктан сугарыш үчүн шланг аласың. Жазында суу көп эле келет, анан бир аздан кийин тамчылап калат. Кээ бир колунда барлар мтор коюп алышат. Суунун баарын ошол тартып алат. Эгер аккан суу болсо көбүүрөөк түшүм алмакбыз”,-деди ал.

Ставрополовка айылынын дагы бир тургуну Чолпон Малабекова айтат.

“Биздин айыл мал жайыты кеңири болгондуктан талаага малдар көп жайылып жүрөт. Ошондуктан талаага дан өсүмдүктөрдөн башка эгин эгип албайбыз. Үйгө эгүүгө туура келет. Үйгө короого эгейин десең агын суу жок. Жайында кудуктан ичкенге араң чыгып калат. Анан суу көйгөйүн жылда көтөрөбүз жылда калып калат. Биздин үнүбүздү уккан деле киши жок. Үшуну карап беришсе жакшы болмок”,-деди ал.
Нурдана каныбекова Ставрополовка айылынын тургуну. Ал башкалардай болуп эле үйүнүн астына коро кылып жашылчаларды себип келет. Көп жылдан бери жашылчаларын кудук менен сугарып келет. 20170414_134732
“Биринчиден суу көйгөйү боюнча ушул кудук менен эгин эге албайбыз. Эми айласыздан эгебиз. Суу начар болгондуктан жашылчаларыбыз жакшы өспөй калат. Анан жакшы болбой майда болуп калат. Эгерде аккан суу болсо, үйгө астына суу келсе анда аябай жакшы болмок. Азыр эми кудук менен корообузду сугарып келебиз”,-деди ал.

Айыл тургундарынын арыздануусу менен айыл башчыга кайрылдык. Айыл башчы Насипа Жээнбаева айтат: «Аккан суу боюнча жыл сайын айылдыктар кайрылышат. Эми айылдын ичинде суу келе турган арыктар бар. Ал арыктар көп жылдан бери тазаланбай келет. Ар бир үйдүн тушунда арыктар бар. Ал арыктарды эми мен тазалап берейинби? Кичинекей арыкта, эми ошол арыктарды ар бир үй өздөрү тазалап суу киргизип алышса өздөрүнө жакшы болот. Айылдын өйдө жагында чоң каналдар бар ошол каналдар менен айылга суу кирет»,-деди ал.

Даярдаган: Аймээрим Кадырбекова.
Тренер: Гүльзада Бейшенбекова.
Сынак үчүн.