“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Көп жылдан бери дүкөн иштеткен Аида Касманбетова

12 Апрель 2017 жыл 13:16
Көрүүлөрдүн саны: 44

Ставрополовка айылынын тургуну Аида Касманбетова союз тарагандан бери дүкөндө соода кылып келет. Ал мындан жети жыл мурун Ставрополовка айылына келип дүкөн ачып, соода кылып келет.IMG-20170411-WA0036
Көп жылдан бери дүкөндө иштеп келген Аида Касманбетова менен маек курдук.
“Мен дүкөндө союз тарагандан бери иштеп келе жатам. Бул айылга келгениме 7 жыл болду. Айылдын тургундары ар кандай болушат. Кээ бирлери жоопкерчиликтүү, кээ бирлеринин жоопкерчилиги жок. Бул жумуштан көп деле каражат түшпөйт ”,-деди ал.IMG-20170411-WA0034
Бул жумушта Аида Касманбетова көп жылдан бери иштеп келет. Ставрополовка айылына мындан жети жыл мурун келип жеке менчик дүкөн ачып иштетип келет. Ал бул дүкөн менен оокат кылып, үй-бүлөсүн багып келет көп жылдан бери.IMG-20170411-WA0032
Ал айтат “бул жумуштан канаттанган жокмун, бирок айылда жашагандыктан бул жумуш бизге жашоо турмушка байланыштуу жумуш. Эми айылда силер билгендей жумуш жок. Ошондуктан дүкөн иштетип оокат кылып келебиз”,-деди ал.
Ушуну менен берүүбүздү айактайбыз сак саламатта калыңыздар.
Даярдаган: Аймээрим Кадырбекова.
Тренер: Гүлзада Бейшенбекова.
Сынак үчүн.