“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн пландары

17 Апрель 2017 жыл 19:53
Көрүүлөрдүн саны: 74

Жайыл районуна караштуу Кара-Суу айыл өкмөтү Джээнбаева Насипанын 2017-жылга карата ар кандай пландары бар. Ошол пландарынын ичинен эң көйгөйлүүсү болуп водокачка болуп чыкты.IMG-20170415-WA0019
Бул тууралу Ставрополовка айылында жыйын өттү. Ал жыйында айыл өкмөтү Кара-Суу айылынын водокачкасынын тегерегин тозобуз,-деди ал.

Айыл өкмөтүнүн 2017-жылда кандай пландары бар деген суроо менен айыл өкмөтүнө кайрылдык.20161230_101315

«Биздин Кара-Суу айыл өкмөтү 2 айылдан Ставрополовка жана Кара-Суудан турат. Айыл өкмөтү жылдын башында кабыл алган пландар бар. Пландарда көбүнчө айыл өкмөттүн социалдык жана экономикалык өнүгү жагы биринчи мааниге коюлат. Быйыл буйруса Ставрополовка айылында салынып жаткан ФАПты бүтүрүп, май айында бүтүрүп ишке киргизебиз деген ойдобуз. Кара-Суу айылына дагы ушундай ФАП салып берсек деп жатабыз. Анан эми водокачка биринчи маселеде турат. Жылда эле буджеттик тартылышка байланыштуу курчалбай келе жатат. Азыр биринчи планда водокачканы курчап, Жылдыз көчөсүнө сууну алып даярдап жерди казып түтүктөрүн салып, ошолорду ар бир үй-бүлөө киргизип алышса жакшы болмок»,-деди ал.IMG-20170415-WA0010

Айыл өкмөттүн дагы алдыда көптөгөн ой максаттары бар.

Даярдаган: Аймээрим Кадырбекова.
Тренер: Гүлзада Бейшенбекова.
Сынак үчүн.