“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Кара-Суу айылына мөндүр аралаш жамгыр жаады

22 Апрель 2017 жыл 15:36
Көрүүлөрдүн саны: 88

Жайыл районуна караштуу Кара-Суу айылында катуу шамал болуп, мөндүр аралаш жамгыр жаады. Катуу жааган мөндүр аралаш жамгыр бир саатай жаап айылды суу каптады.

Мындай жаратылыштын кубулушу Кара-Суу айылында биринчи жолу болуп жатат деп айтышат айыл тургундары.

Кече күнү жааган жамгыр көптөгөн үйлөрдү сууга толтуруп, айылдыктар үйлөрүнөн эшикке чыгалбай калышты.

Бүчүр байлап калган бак-дарактарды жамгыр жууп кетти. Мындан бир жума мурун эгиндер себилип өсүп калган, алардын баарын жамгыр аралаш мөндүр жууп кетти.

Үйлөрдүн чатырларын, сарайлардын чатырларын, дарбазаларды катуу шамал жулуп кетти.

Бул тууралу айыл тургундары менен маек курдук.

Кара-Суу айылынын тургуну Кумбашев Стал менен маек курдук. «Бизде кече күнү катуу жамгыр аралаш мөндүр жаап, бир сааттын ичинде эшиктин алдына суу толуп эшикке чыгалбай калдык. Насос менен сууну сордуруп жатабыз»,-деди ал.

Дагы бир айыл тургуну Токтогулова Жийде. «Мына кече айылыбызда ааламат болуп. Катуу мөндүр жаап, суу каптап , үйлөрүбүздүн ичине чейин суу каптап кетти. Эми айыл депутаттарына кайрылсак, алар өздөрүнүн жумуштары менен кетип калышты. Мына кошунам экөөбүз салярка чыгарып трактор арык кастырып жатабыз. Биздин айылды караган киши жок. Биздин айыл өкмөтта бизде эмне болотканын угуп бизди карап койгонго жараган жок»,-деди ал.

  • Кара-Суу айылынын тургуну Келдибекова Бурма менен маегибизди уланттык.
    «Бизде кече күнү катуу жамгыр жаап, суу каптап жатат. Биздин депутаттардын бирөөсү дагы келип карап койгон жок. Мына эшиктин алдын баарын суу каптап эшикке чыгалбай калдык. Сууну насос менен сордуруп жатабыз. Эми айлабыз кетип трактор менен арык кастырып жатабыз»,-деди ал.

    Мына ушинтип Кара-Суу айылына бир күндүн ичинде суу каптап эл каяка барып кайрылаарын билбей калды.

Даярдаган: Азирет Туратбеков.
Тренер: Гүлзада Бейшенбекова.
Сынак үчүн.