“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

95 жашка чыккан Бүкөн апа

12 Май 2017 жыл 22:51
Көрүүлөрдүн саны: 62

Кара-Суу айылынын тургуну, Кара-Суу айылында өмүр бою жашап келген Джамгырчиева Бүкөн апабыз 95 жашка чыгып 96 жашка кетти. Бүкөн апабыз Кара-Суу айылынын эң кары адамдарынын бири.

Бүкөн апанын эки уул, үч кызы бар. Азыркы учурда Бүкөн апанын 17 небереси, 34 чөбөрөсү, 1 кыбырасы бар. Бүкөн апа азыр кичүү баласынын колунда. Кара-Суу айылында эч ким 95 жашка чыккан эмес, мына ушунтип Бүкөн апабыз 95 жашка чыгып, Кара-Суу айылынын эң барктуу апалардын бири. Бүкөн апабыз өзүнүн өмүрлүк жолунда жакшылыкты, жамандыкты көрүп, билген.

Кара-Суу айылынын тургуну Джамгырчиева Эльмира Бүкөн апанын кичүү келини болот. Джамгырчиева Эльмира айтат: «Апам менен келин болуп келген кезден бери чогуу жашап, багып келем. Чогуу жашап келгенибизге 32 жыл болду. Апам 1922-жылы ушул айылда туулган. Ошондон бери ушул айылда жашап келе жатат. Апамдын акыл эси тунук, кичине эле карылыкка алдырып койбосо, баарын түшүнүп жакшы кабыл алат»,-деди ал. 

Бүкөн апа көптү билген, көптү көргөн. Бүкөн апабыз бир кылым жашап койду десек болот. Бүкөн апаны баалап ардактап сыйлап жүрө берели, апабызга кааларыбыз чын ден соолук узун өмүр каалайбыз.

Даярдаган: Азирет Туратбеков. «Ак кептер» 2017-жыл, 12-май!