“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Жылдыз көчөсү таза суу менен камсыз болду

14 Май 2017 жыл 11:55
Көрүүлөрдүн саны: 49

Кара-Суу айылынын Жылдыз көчөсү мындан бир ай мурун таза суу чыгарууга түтүктөрдү алышып, жерди казышып түтүктөрдү орнотушту. Эми болсо суу түтүгү орнотулгандан кийин айылга суу келе турган ортоңку түтүктү казып, түтүктү тешип, жаңы жылдыз көчөсүнө бара турган түтүк кошулду.

Бул тууралу Кара-Суу айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаты Алгожоев Раман менен маектештик.

«Таза сууну, эл өзү ортодон акча чыгарып суу чыгарып жатат. Айыл өкмөттөн 20 000 сом берилди. Сууну чыгарууга Жылдыз көчөсүнүн тургундары активдүү катышып жатышат. Ар бир үйдөн бир, эки кишиден чыгып жатышат. Бүгүн түштөн кийин Жылдыз көчөсү таза суу менен камсыз болушат»,-деди ал.

Жалпы Кара-Суу айылында үч күнгө суу өчүрүлүп, суу түтүктөрү орнотулуп Жылдыз көчөсү таза суу менен камсыз болду. Жылдыз көчөсүнүндөгү ар бир үй-бүлө өздөрүнүн эшиктеринин алдына суу киргизип алышты.

Даярдаган: Азирет Туратбеков, Гүлзада Бейшенбекова. «Ак кептер» 14-май, 2017-жыл!