“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Мамлектеттик жыйынтык аттестация Кара-Суу орто мектебинде

2 Июнь 2017 жыл 8:49
Көрүүлөрдүн саны: 85

2 – июнь 2017-жыл. Жайыл районунун Кара-Суу орто мектебинде мамлекеттик жыйынтыктоо аттестациясы башталды

Жыйынтыктоо аттестациясы боюнча биз Кара-Суу орто мектебинин директору Алиева Нургүл Акматалиевнаны кепке тарттык. 

“Быйыл биздин мектепте 11 класс комплект жок, ошондуктан 9-класстан эле жыйынтык аттестация алынат. Бүгүн математикадан, 6-июнда – кыргыз тилинен, 9 – июнда – орус тилинен, 9-июнда – тарыхтан жана 14 дө биологиядан. 

Математикадан аттестацияны ардагер мугалим Каралаева Марипа өткөрөт, Кыргыз тилинен – Аджиева Гүлжан, мектепте көп жылдан бери эмгектенген мугалим-эжебиз, Орус тилинен болсо-Чакчагаев Султаналы, мектептин ардагер мугалими, Тарыхтан – Чакчагаев Кыдыраалы-жаш мугалимибиз жана биологиядан – Азаркулова Калбүбү, көп жылдан бери мектепте кызмат кылган мугалим. 

Аттестацияга даярдыктар жакшы. Окуучулар жана мугалимдер аттестацияга даяр”, — деп айтты Алиева Нургүл Акматалиевна. 

“9-класста быйыл 8 эле окуп жатышат. Негизинен жакшы окушат. Аттестацияга даярдыгыбыз жакшы”, — деди класс жетекчи Каралаева Марипа.

Мына, ошентип, бүгүн мекенибиздин баардык аймактарында “экзамендер” башталды, “Ак кептер” медиаборборунун атынан мугалимдер менен окуучуларыбызга мамлекеттик аттестацияны ийгиликтүү аяктап, каалаган максаттарына жетүүнү каалайбыз…

Даярдагандар: Чакчагаев Султаналы, Бейшенбекова Гүлзаада, 2.06.2017, «Ак кептер».