“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Кара-Суу айылынын бала-бакчасы

6 Июнь 2017 жыл 11:31
Көрүүлөрдүн саны: 59

Жайыл районунун Кара-Суу айылында мектептин имаратында 24 балага ачылган бала-бакча төрт жылдан бери ийгиликтүү иштеп келе жатат.  Бала-бакчанын жетекчиси Бекматова Айшанын айтуусу боюнча азыр бакчада 24 бала таалим – тарбия алып жатышат. Ата-энелердин, Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жардамы менен бакчанын территориясы корголуп, ар кандай эмеректер коюлган. Бакчада райондук масштабдагы семинарлар, окуулар өткөрүлүп келе жатат.Бакчабыздын тарбиячысы Капсаламова Света жогорку окуу жайында сырттан окуп жатат. Бакчанын тарбиячысы Света Капсаламова бакча ачылгандан эле иштеп келе жатат, азыр ал бакчанын профсоюз уюмунун жетекчиси. Коллектив чакан болгонуна карабастан, администрация менен бирге ийгиликтүү иштеп, профсоюз уюмунун мүчөлөрүнүн камын көрүп, эмгектенип келе жатат.

Мына ошентип, ЕС жана БУУ нун долбоору менен ачылган бакчабыз ийгиликтүү иштеп, айылдын тургундарына кызмат кылып келе жатат.

Даярдагандар: Бейшенбекова Гүлзаада, Азаркулова Элина, 06.06.2017., “Ак кептер”.