“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Чөп чабык

20 Июнь 2017 жыл 20:49
Көрүүлөрдүн саны: 249

                                              Кара-Суудагы чөп чабык

      Chop chabyk

Кара-Суу айылында көбүнчө дыйканчылык менен айыл тургундары алектенет.Быйыл дыйкандар талаага көбүнчө арпа, кант кызылча, беде, помидор, жүгөрү картошка айдашты.

Чөп чабык жөнүндө кененирээк маалыматты айылдын тургуну Чакчагаев Султанаалыдан алсак. -БыйылЖайыл районунун  Кара-Суу айылында чөп чабык жакшы жүрүп жатат. Былтыркыга караганда быйыл жакшы. Анча көп жамгыр жааган жок. Дыйкандарга өтө чоң жардам берип жатат. Көпчүлүк дыйкандар  чөптөрүн чаап, жыярын жыйнап жатышат.  Биздин айылыбызда пресс-подборщиктер көп, ал эми чөп чаба турган комбайндар жок. Ошондуктан биздин айылга  ар кайсы жактан келип чөп чабып жатышат. Мисалга алсак: Көлдөн, Нарындан келген комбайнерлор бар.

Анда эмесе сөздү Ыссык-Көлдөн келген Кубан байкеге берсек:                – Көлдөн иштегенге келгенбиз, Көлдөн бери. Быякта иш жакшы эле болот экен. Кичине бузулуп, техника деген ар кандай болот экен.  Биякка көнүшө албай кичине, жерлер көп экен, жакшы экен. Келгенден бери 40 гектардай чөп  пресстедик кудайга шүгур. Ишибиз жакшы жүрүп жатат. Күзгө чейин иштейм. Көнүшүп да калдык.

Айылдын дыйкандарына чоң-чоң ийгиликтерди каалайбыз. Беделерин жыйнап, эгиндерин чаап алышсын.

Даярдаган: Гүльзада Бейшенбекова.

20.06.17.

“Ак кептер”

Сынак үчүн.