“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Беш күндүк жайкы мектеп аяктады

29 Июль 2017 жыл 0:25
Көрүүлөрдүн саны: 57

Бүгүн Ысык-Көл облусунун, «Меридиан» пансионатында жайкы мектеп аяктап «Сертификат» тапшыруу аземи болуп өттү. Кара-Суу айылынын ыктыярчылары Гүльзада Бейшенбекова жана Азирет Туратбеков «Сертификат» алышты.

24-июльда башталып, 28-июльда аяктаган жайкы мектеп балдар үчүн кызыктуу болду. Ушул беш күндүн ичинде ар кандай сервистерди үйрөндүк.

Биз бул окуу тууралуу Азирет менен маек курдук. «Мага бул беш күндүк окуу абдан жакты. Биз бул окуда башка балдар, бизден чоң журналистер билбеген нерселерди үйрөндүк.

Төрт күн ичинде ар кандай сервистер менен иштегенди үйрөндүк. Акыркы күнү ошол сервистерди колдонуп Tilda.cc сайтында иштедик. Ал жерден лонгрид чоң көлөмдөгү жаңылык жазадык. Тильда сайтында иштөөдө кыйынчылыктар болду интернетке жана башка нерселерге байланыштуу. Бул 5 күндүк окуу мага абдан жакты.

Окуунун уюштуруучусу Назира Джусуповага жана тренерлер: Айзада Калканбековага, Акылбек Орозматовко чоң ыраазычылык билдирем!

Сиздер Ысык-Көлдө беш күндүк окуу кандай өткөрүлгөндүгү тууралуу толук маалымат алдыңыздар.

Даярдаган: Азирет Туратбеков.