“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Шайлоо — 2017

28 Август 2017 жыл 22:19
Көрүүлөрдүн саны: 85
      Shailoo-2017

Кара-Суу айылында жайгашкан №7336-участкалык шайлоо комиссиясынын 15-октябрда боло турган Кыргыз Репспубликасынын Президентин шайлоо күнүнө даярдыгы тууралуу айтып берели деп чечтик.
Анда эмесе сөз №7336-участкалык шайлоо комиссиясынын төрайымы Джумалиева Гүлмира Темирбековнада: “Президенттик шайлоого даярдыктар жакшы. Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү такталды, Преседатели-Джумалиева Гүлмира, секретары-Алиева Нургүл, мүчөлөрү-Азаркулова Калбүбү, Какешова Айгүл, Жумагулова Ратха, Абдрасулова Айниза, Төрөбек уулу Илим.
Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү окууга барып келдик. Шайлоо өткөрүү боюнча жалпы түшүндүрмө алдык. Алдыда дагы шайлоо боюнча окуулар комиссиянын мүчөлөрүн күтүп жатат.
Шайлоо тизмелери илинген, кимде ким тизмеде жок, же туура эмес болсо тактагыла эртерээк.
Шайлоого активдүү катышкыла.”
Мына, ошентип, алдыда келел жаткан шайлоого №7336-участкалык шайлоо комиссиясынын даярдыгы менен тааныштыңыздар.
“Ак кептер” медиаборбору Кара-Суу айылынын тургундарын Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого активдүү катышууга чакырат.
Даярдаган: Чакчагаев Султаналы, 28.08.2017. “Ак кептер”.