“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Башталгыч класстын мугалими

19 Сентябрь 2017 жыл 23:33
Көрүүлөрдүн саны: 54

      Akeshova Gulnara

Октябрь айынын башында Мекенибизде чоң майрам – Мугалимдер күнү. Мына ушул майрамга карата Сиздерге Кара-Суу орто мектебинин мугалими Акешова Гулнара тууралуу кеп куруп берели.
Акешова Гүлнара Сабыровна Ысык-Көлдүн Чырпыкты айылын туулуп, өскөн. Фрунзеде окуп, Кара-Суу айылына келин болуп келген. Көп жылдан бери Кара-Суу орто мектебинде, ата-энесинин жолун жолдоп мугалим болуп иштеп келе жатат. Эки баланын энеси, үч небереси бар.
Гүлнара эже өз кесибин урматтайт, окуткан балдары айылына, мекенине кызмат кылган инсандардан болуусун тилеп, кызмат өтөп келе жатат.
Эженин кейигени-мугалимдердин айлыгы аздыгы жана айылдык балдардын, ата-энелердин окууга көп көңүл бурбаганы.
Даярдаган: Гүлзаада Бейшенбекова, Султаналы Чакчагаев, 19.09.2017-жыл, “Ак кептер”, Кара-Суу айылы.