“Ак-Кептер” жамааттык мультимедиа борбору

Жайыл району, Кара- Суу айылы

Мектептеги жана бакчадагы тамактануу

19 Сентябрь 2017 жыл 23:09
Көрүүлөрдүн саны: 59

      Mektep-Bakcha.-Tamaktanuu

Жайыл районунун Кара-Суу орто мектебинде айылдын “Ботокөз булак” аттуу бакчасы жайгашкан. Бакча мындан 4 жыл мурун ЕС тин жана БУУнун проектиси менен ачылган. Биз сиздерге бакчадагы жана мектептеги балдар кандай тамактанып жаткандыгы тууралуу айтып берели деп, кепке бакча менен мектептин балдарын тамактандыра турган эки ашпозчусун тарттык.
Ратха Алгожоева-бакча ачылгандан бери ашпозчу болуп иштеп келе жатат.
“Бакчадагы балдарга 2 маал ысык тамак берилет. Түшкү эс алуудан кийин кошумча тамагы (полдник) да бар. Тамакты сапаттуу продуктулардан жасайм, балдарга жагымдуу тамак-ашты жасап бергенге аракет кылам. Эртең менен саат 7 келип ботко-каша жасап берем, түштө болсо 1-2-жана компот же башка суусундук берилет. Андан кийин уктап тургандан кийин булочка же печенье берилет. Бакчада 24 бала. Тамакка ата-энелер 32 сомдон чогултушат, айыл өкмөт – 18 сом берет – баардыгы 50 сом бир балага – бир күндүк рацион”.
Гүлнар Сагынбаева мектептин ашпозчусу: “Балдарга даяр булочка, коржик, печенье келет мына ошолорду чай же сүт менен беребиз”.
“Быйыл мектептин мугалими Каралаева Марипа Айыл өкмөтү менен бирдикте проект жазышып, миллион сомдук долбоорду утуп алышты. Азыр бул долбоордун тендери жүрүп жатат, тендер аяктаса эле мектептин ашканасы ремонттолуп, тамак-аш жасоо дагы жакшырып, балдарга сапаттуу тамактар бериле баштайт”,- дешет Ратха Алгожоева менен Гулнара Сагынбаева.
Мептептердеги тамак ашты жакшыртуу – бул көптөн бери келе жаткан көйгөй. Азыркы учурда бул көйгөйдүн үстүнөн өкмөт, ар кандай уюмдар жана Мекенибиздеги БУУнун мекемелери иш алып барып жатышат.
Даярдаган: Гулзаада Бейшенбекова, Султаналы Чакчагаев, 19.09.2017. “Ак кептер”, Кара-Суу айылы.